Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Аксыда өзбекстандыктар менен кыргызстандыктарга «Хивос» уюму грант берди


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн Аксы районундагы Кошдөбө айыл өкмөтүнүн Торук айылында Өзбекстан менен Кыргызстандын өкүлдөрү жолугушту. Өзбекстанга чектеш айылдагы жолугушууну «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун Аксы райондук бөлүмү уюштурду. Ага Өзбекстандын Чартак районундагы Хазретша кыштагынан 40 киши, Торук айылынан 70тен ашык киши катышты. Жолугушууда коңшу эки элдин ынтымагын өркүндөтүү жана чек ара жаңжалдарын болтурбоо маселеси талкууланды. «Аксыдагы атуулдук ынтымакты жана баарлашууну колдоо» деген долбоордун алкагында Торук айылындагы иштебей калган суу түтүктөрүн тазалаш үчүн Голландиянын «Хивос» уюмунун атынан 50 миң сомдук грант тапшырылды. Төрт этап менен бүтүүсү каралган бул иш аягына чыкса, 1500 адам таза суу менен камсыз болот. Жолугушуу маданий-массалык иштер менен улантылып, эки айылдан түзүлгөн 4 команда футбол боюнча достук беттешүүсүн өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG