Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Бээжин жолугушуусунда ШКУ мамлекеттеринин өкмөт башчылары соода-экономикалык кызматташтык программасын кабыл алышат


БИШКЕК. Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин 23-сентябрда Бээжинде өткөнү жаткан жолугушуусунда көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык тууралуу программанын бекитилиши күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Сөз болуп жаткан программанын долбоору өткөн аптанын этегинде Чолпонатада, ШКУ мамлекеттеринин тышкы соода жана экономикалык ишмердүүлүк боюнча министрлеринин жолугушуусунда жактырылган.

XS
SM
MD
LG