Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

КЫРГЫЗ БАСЫЛМАЛАРЫ СОТТОН ЖАНА САЛЫКТАН ЖАПА ЧЕГИШҮҮДӨ


8-сентябрь календарда Журналисттердин эл аралык тилектештик күнү катары белгиленген. Кыргызстандык журналисттер «эркин» жана «өкмөтчүл» деп бөлүнүп, көз караштардын кагылышы болуп келатканы белгилүү. Ошол эле учурда массалык маалымат каражаттары салыктардын оордугунан, кылмыш жоопкерчилигине тартылуу коркунучунан арыла албай келатышат.

«Кыргызстанда эркин басма сөзгө куугунтук бар» дегендер банкроттук чегинде жабылган «Моя столица - новости» гезитинин тагдырын мисал келтиришет. Ал эми «бизде басма сөз эркиндиги бар» деген адистер болсо ошол эле жабылган гезиттин жамааты кайра «МСН» аттуу жаңы басылманы чыгарууга жетишкенин далил тартышат. Бирок «саясат саясаты менен, гезит ишинде биринчи орунда экономикалык маселелер сенин канчалык эркин экендигиңди аныктайт» дегендер да бар. «Аалам» гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев гезит чыгаруу ишиндеги кагаздын, басмакана кызматынын кымбаттыгын, салыктын оордугун айтат:

- Кыргызстанда гезит бизнесин аркалап жүргөндөр өзгөчө өжөр адамдар да. Ага мисал келтирейин. Орусияда калк жыш отурукташкан шаарлар көп. Ошол Орусиядагы чоң-чоң гезиттер «жашай албай жатабыз» деп жүрүп, тээ Борис Ельцин президент кезинде эле кошумча нарк салыгы баштаган салыктардан жеңилдик алышкан. Кыргызстанда болсо салыктын бардык түрлөрүн төлөп, анан ушундай экономикалык шартта гезитин чыгарып, радиосун угузуп келаткандарга таңгалам. Анткени, гезит чыгаруу ишине байланыштуу материалдардын бардыгы Орусиядан ташылып келет. Ошонун баарынан кошумча нарк салыгы алынат.

Кошумча нарк салыгын алып салуу маселеси буга чейин журналисттер катышкан жыйындарда көп айтылып, көп көтөрүлдү. Бирок анын артынан түшүп, депутаттардын көңүлүн бул маселеге буруп, Салык кодекси баштаган мыйзамдарга өзгөртүү-толуктоо киргизүү иштерин уюштургандар болгон жок. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин айтымында, андай иштер журналисттер бириккен учурда гана аткарылышы ыктымал.

- Менин оюмча, биргелешип иш алып барсак натыйжасы жакшы болот эле, - дейт президенттин басма сөз катчысы. - Ошондуктан мен журналисттер профессионалдык коомдук уюмдарды уюштурушу керек деп эсептейм. Ошондой уюмдар аркылуу журналисттердин көптөн бери келаткан маселелерин чечиш керек деп ойлойм. Бул – президент Аскар Акаев демилечи болгон, журналистти сотко берүүдөн мурда андан талап кылган акчанын 10% алдын-ала сотко төлөп берүү тууралуу маселеге. Же болбосо – Кылмыш кодексиндеги так эмес маалымат таратканы үчүн журналистти кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча маселе. Ошол эле кошумча нарк салыгынан басылмаларды бошотуу иши. Мындай иштерди ким алга жылдырышы керек? Муну өкмөт эмес, ошол эле журналисттердин өздөрү жасашы керек.

«АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен Бишкекте басма үйү ачылса, гезиттер басма ишинде тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот эле, ага жараша кеткен чыгымдар да азыркыдан азаят эле» дейт Чолпонбек Абыкеев:

- «Учкун» менен деңгээли тең, керек болсо андан да сапаты мыкты басмакана пайда болсо биз, гезиттер, тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Азыр болсо биз каалайбызбы же жокпу – «Учкундан» чыгууга аргасызбыз. Себеби, андан башка түзүк басма азырынча жок. Муну билип, «Учкун» кызмат көрсөтүүгө өзү каалаган баасын коет. Эгер АКШ өкмөтүнүн каражатына жаңы басма үйү ачылып калса, биз ал жактан арзаныраак чыгабызбы деген ой болуп жатат.

Айтор Кыргызстанда массалык маалымат каражатын каттоодон өткөрүүдө көп деле тоскоолдук жок. Бирок, журналисттерди тараткан маалыматы үчүн сотко берип, чоң өлчөмдөгү акчага жыгуу коркунучу дале болсо сакталууда. Өкмөт айрым гезиттерди, телерадиокомпанияларды колдоого алып, каражаттан жардам берүүсүн улантууда. Соттор мурдагыдай эле басылмаларды жана журналисттерди айыпка жыгуусун токтоткон жок. Ошол эле «Аалам» гезити ушул тапта да сот иштери менен алек.
XS
SM
MD
LG