Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

АТКАРУУ БИЙЛИГИ МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫН ДАГЫ БИР ЖОЛУ ЖЕҢИП ЧЫКТЫ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстанда аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосунда ар убак талаш-тартыштар болуп келгени коомчулукка маалым. Адатта талаш-тартыштар тирешүүнү жаратып, алсызы жеңилип, күчтүүсү жеңишке ээ болот. Айрым учурда тирешүү бийлик бутактарынын ортосундагы кризисти күчөтүп, абалдан чыгыш үчүн же парламент таркатылат, же өкмөт жаңыланат. Мындай кырдаал өткөн жумада өкүм сүрүп, натыйжада аткаруу бийлиги өз үстөмдүгүн кайрадан көргөзө алды.

Бул жолку тирешүүнүн башкы шылтоосу - кыргыз өкмөтү өз токтому менен В.И.Лениндин эстелигин жылдырып, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын макулдугун албагандыгы, бул боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизбегендиги болду. Ал эми түпкү себеби бийликтин эки бутагынын ортосундагы көптөн бери жүрүп келген өз ара күрөшкө барып такалаарын көпчүлүк эксперттер эске салууда. Айрым байкоочулар «бул тирешүүнүн жыйынтыгы кайрадан өкмөттүн жаңыланышы менен аяктайт» деген пикирде болушкан. Талкуу учурунда, андан алдың Мыйзам чыгаруу жыйынынын көпчүлүк депутаттары «мыйзам сыйлабаган, мыйзамды бузган өкмөт бийликтен кетсин» деген катуу талап менен чыгышкан. Айрым депутаттар аткаруу бийлиги ар убак парламент менен эсептешпей, аларды басмырлап келгенине ыза болушканын да жашырган жок. Ар убак аткаруу бийлиги менен сыпайы мамиледе болуп келген аксакал депутат Турдакун Усубалиев да бул жолу кыргыз өкмөтүнүн өзүм билемдигине нааразычылыгын ачык билдирди:

- Макул болсоңор бул өзүм билемдик. Силер өзүңөрдүн аракетиңер менен биздин өлкөдөгү эң жогорку мыйзам чыгаруу органы эсептелген Жогорку Кеңешти басмырлап таштадыңар.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны, андагы айрым депутаттардын ишмердүүлүгү өкмөтчүл маалымат каражаттарында ар убак сынга алынып келгени кадыресе көрүнүшкө айланганы коомчулукка жашыруун эмес. Мындай сынга жык толгон макалаларга депутаттар гана эмес, жыйындын төрагасы Абдыганы Эркебаев да токпейил мамиле жасап, шайлоочуларга жараша депутаттар шайланаарын ар убак айтып келет:

- Парламентти, депутаттарды сындаганда мен «туура сындап атасыңар, анткени ар бир эл өзүнө ылайык, өзүнө татыктуу бийликти түзөт» деп такай айтам.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында аткаруу бийлиги «легендарлуу парламенттин» алдында бир топ алсыз экени айкын болсо, 1995-жылдан баштап тескерисинче парламент алсырап отуруп, айрым саясатчылар айткандай, азыркы учурда «Ак Үйдүн» айтканын аткарган кол балага айланып калды. Ошондуктан парламент тарабынан көтөрүлгөн импичмент - өкмөткө ишеним көргөзбөө демилгелерине Өкмөт Үйү жылмаюу менен гана мамиле жасап калганы жашыруун эмес. Ошого карабай айрым депутаттар, мейли ал аткаруу бийлигине жан тарткан депутат болобу, өкмөт алсыз жана чечкинсиз болбой, курч маселелерди чечкенге дайым даяр болушун каалайт. Мындай пикир менен депутат Айдарбек Керимкулов да макул.

- Өкмөт дайыма даяр болушу керек, мындай кыйын ал-ахыбалда курч маселелерге жооп бергенге, чечкенге.

Ошол эле убакта аткаруу бийлигинин өзүм билемдиги, коррупцияга баш-оту менен аралашып кеткендиги, мыйзамды сыйлабагандыгы элдин бийликке болгон ишенимин жоготуп салганын айткандар арбын. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин пикиринде, элдин бийликке карата ишеничинин кетишинин башкы себеби - аткаруу бийлигинин адилетсиздигине байланыштуу:

- «Акыйкат жок экен, адилеттик жок экен, бардыгы ушундай болуп кетти» деп, элдин бийликке болгон ишеничи таптакыр жоголду. Тилекке каршы, ушундай окуялар көп болуп кетти.

Ошентип, аткаруу бийлиги менен Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттарынын ортосундагы тирешүү кайрадан жандана баштады. Айрым оппозициячыл депутаттар «мындай тирешүүнү бийлик өзү уюштуруп, бийликтеги айрым адамдар депутаттардын колу менен кайрадан өкмөттү жаңылоого аракет кылууда» деген пикирди айтып жатышат. Кантсе да алгачкы тирешүү айрым депутаттар үчүн ийгиликсиз аяктады. Бирок «ортодогу тирешүүгө чекит коюлду» деген пикирге көпчүлүк байкоочулар макул эмес.

XS
SM
MD
LG