Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Арменияда өлүм жазасы жоюлду


Армениянын парламенти бүгүн Адам укуктары боюнча европалык конвенцияны жактырды, ал конвенция боюнча, өлүм жазасы жок кылынат. Биринчи августтан тартып Арменияда жаңы Кылмыш жобосу ишке киргизилген жана анда өлүм жазасы боюнча берене такыр жок. Жобону ишке киргизүү боюнча мыйзамда болсо, чечимди парламент жактырууга тийиш деп жазылган. Өлкөдө өлүм жазасына 1997-жылдан бери мораторий салынып келген жана кесилген 42 адам эми өмүрүнүн аягына чейин абакта отурууга тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG