Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Иран маселесин караштырууда


Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин Вена шаарында кечээ күнү башталган жыйыны бүгүн уланды. Анда жабык эшик артында Иран маселеси талкууланууда жана бул өлкө - өзүнүн өзөктүк программаларын ачыкка чыгарууга тийиш деген чечим кабыл алынаары күтүлүүдө. Агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеинин айтымында, Иран кошумча протоколго кол коюш керек. Ал протокол боюнча, агенттиктин инспекторлору өлкөгө күтүүсүз келип, анын өзөктүк ишканаларын текшерүүгө укук алат. Америка Кошмо Штаттарынын айтымында, Тегеран тымызын түрдө өзөктүк курал өндүрүү үстүндө иштеп жатат, Ирандын айтымында болсо, анын өзөктүк программалары аскерий максатты көздөбөйт.

XS
SM
MD
LG