БИШКЕК. Өткөөл мезгилди башынан кечирип жаткан өлкөлөрдөгү коррупцияга каршы күрөшкө арналган эл аралык конференция 10-13-сентябрь күндөрү Стамбул шаарында өткөрүлөт. Жыйынга Дүйнөлүк Банктын, Европа Биримдигинин, Европа Банкынын, Бириккен Улуттар Уюмунун жана КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышат. Кыргызстандан бул конференцияга вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова катышат.