Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

Бейөкмөт уюмдардын сунуштарын «Freedom House» уюму кыргыз өкмөтүнө тапшыра турган болду


БИШКЕК. Кыргызстанда иштеп жаткан 20га жакын укук коргоочу жана бейөкмөт уюмдар «Freedom House» уюмунун техникалык көмөгү менен адам укуктары боюнча абалды жакшыртуу багытында кыргыз өкмөтүнө сунуштарды даярдап жатышат. Бул тууралуу бүгүн «Freedom House» уюмунун Бишкектеги кеңсеси кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, бейөкмөт уюмдар иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча даярдалган бул сунуштарды октябрь айында кыргыз өкмөтүнө атайын уюштурулган отурумда берүүнү болжоп жатышат. «Freedom House» уюмунун Бишкектеги кеңсесинин өкүлүнүн маалыматы боюнча, сунуштар басма сөз, жыйналыш эркиндиктерине, психикалык ооруга кириптер адамдардын, балдардын укуктарына, адам укуктары багытында билим берүүгө байланышкан маселелерди камтыйт. Бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда бул багыттарда проблемалар бар деп эсептешет. Алар мындай тыянакка акыркы мезгилдеги сурамжылоолордон улам келишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG