Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Шаардык сот М.Корсунскийге карата райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды


БИШКЕК. Кечээ кечинде Бишкек шаардык соту «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Михаил Корсунскийге каршы өкмөт башчысы Николай Танаевдин берген доо арызы боюнча ишти карады. Натыйжада шаардык сот Ленин райондук сотунун буга чейинки өкүмүн күчүндө калтырды. «Моя столица» гезитинин быйылкы 2-апрелдеги санына М. Корсунскийдин «Селейменин дарысы - сот» аттуу макаласы жарыяланган. Анда Социалдык фонддогу айрым жагдайларга байланыштуу өкмөт башчысынын дарегине сын айтылган. Көп өтпөй Н.Танаев «макала арнамысыма, кадыр-баркыма доо кетирди» деп, Ленин райондук сотуна арыз жолдогон. Өз арызында ал гезиттен 5 млн. сом, М. Корсунскийден 2,5 млн. сом өндүрүп берүүнү талап кылган. Ленин райондук соту өкмөт башчысынын бул арызын 3-июлда териштирип, доогердин кызыкчылыгына редакциядан 500 миң, ал эми М. Корсунскийден 5 миң сом өндүрүп берүүнү милдеттендирген өкүм чыгарган. Ага нааразы болгон Корсунский Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдогон. «Мен шаардык соттун өкүмүнө макул эмесмин. Жакын арада өлкөнүн Жогорку Сотуна жана Акыйкатчыга арыз менен кайрылам», - деп билдирди бүгүн Корсунский «Азаттыктын» кабарчысына.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG