Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн социалдык-экономикалык жагдайын талкуулоону улантты


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн өткөн 8 айдагы абалын талкуулоону улантты. Бул күнү депутаттар өз округдарындагы социалдык-экономикалык жагдайдын мисалдарына кайрылышып, өкмөттү элдин турмушуна маани бербей жатканы үчүн сындашты. Маселен, депутат Ишенбай Кадырбеков депутаттар көтөрүп жаткан маселелердин 90% жергиликтүү бийлик чече турган иш экенин белгиледи. Депутат Ташболот Балтабаев январдан бери экономика олуттуу киреше тапканы менен, социалдык тармакка жумшалган акчанын өлчөмү азайып кеткенин айтты. Палата талкууну бүрсүгүнү уланта турган болду. Депутаттардын талабы боюнча премьер-министр Николай Танаев өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына байланыштуу кечээ Мыйзам чыгаруу жыйынына билдирүү жасаган. Талкууга премьер-министр баштаган өкмөт курамы толугу менен катышууда.

XS
SM
MD
LG