Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

«ЖАҢЫ» ЧИЛИСТЕНДЕРДИН НАЗАРЫНА: "ЧОҢ ОРУСИЯЛЫК ЭНЦИКЛОПЕДИЯ"


3-сентябрда Москвада ачылган Эл аралык китеп жармаңкесиндеги эң маанилүү окуя – "Орусиянын чоң энциклопедиясын" даярдоо долбоорунун бет ачары болду. 30 томдук болочок калың китеп – ондогон жылдар бою мурдагы Советтер Союзунда башкы илимий жана идеологиялык булак болуп берген "Чоң советтик энциклопедиянын" ордун басмакчы.

Чоң, жылмакай кызыл кайыш мукабалуу, боорунда "БСЕ" деген баштамгалар басылган китеп мурдагы Советтер Союзунда эң кадыр-барктуу басылмалардын бири эле. Андай китептин ээлери көп учурда "Чоң советтик энциклопедияны" өзүлөрүнүн дүйнө таанымынын тереңдигинин күбөсү иретинде эмес, жеке социалдык макамынын, коомдогу маани-мартабасынын көрсөткүчү катары кабылдашчу. "Чоң советтик энциклопедия" – ал кездеги китеп чыгаруунун эң мыкты үлгүсү, ошондой эле коммунисттик партиянын маанилүү илимий жана идеологиялык куралы болгону талашсыз.

Эмнеси болсо да, Советтер Союзу кулаган 12 жылдан бери Москвадагы басмаканалар анын ордуна эми Орусиянын ар тараптуу билим топтомун, же чоң энциклопедиясын чыгарууга негедир батынбай келишкен. Тактап айтканда, жаңыдан түптөлүп жаткан "Чоң орусиялык энциклопедиянын" редактору Сергей Кравец айткандай, буга чейин көп эле басмаканалар ар түрдүү энциклопедияларды даярдашты, бирок алардын бири да мурдагы, кыскартып айтканда "БСЕ"нин мураскору аталууга татыбайт. Москвада өтүп жаткан 16-эл аралык китеп жарманкесинде бет ачары болуп өткөн жаңы билим булагынын долбооруна ылайык, болочок "Чоң орусиялык энциклопедия" 30 томдон, анын ичинде 80 000 бөлүмдөн турмакчы. Аны даярдай турган басмакананын коммерциялык директору Александр Родюк китепти түзүүдө эски тажрыйба толугу менен эске алынаарына басым жасай кетти.

- Советтер доору маалында топтолгон зор тажрыйба жаңы иште төгүлүп-чачылбастан, тескерисинче байытылып колдонулат. Биздин илимий басмакана ушундай деңгээлдеги ири басылмаларды даярдай ала турган жалгыз мекеме экенин айта кетким келет, - дейт ири долбоорду ишке ашыруу милдети тапшырылган басма үйүнүн жетекчилеринин бири сыймыктануу менен. Александр Родюктун айтымында, ушул жазда Орусиянын президенти В.Путиндин "Улуттук маанидеги энциклопедия тууралуу" жардыгы жарыялангандан тарта иштелип чыккан аракеттер планында ар жыл сайын "Чоң орусиялык энциклопедиянын" 3 томун басып чыгаруу каралган. Болочок китептин 100 миң нускасы өлкөдөгү китепканаларга бекер таратылат. Китептин ар бир тому кардарларга 950 рубл, же болжол менен 30 доллардын тегерегиндеги баада сунуш кылынат, чыгашалуу долбоорго кетчү каражаттын баарын мамлекет көтөрөт.

"Чоң орусиялык энциклопедиянын" мазмуну, илимий мааниси коом күткөндөй болобу? - деген суроо көпчүлүктүн бүйүрүн эмитен эле кызыта баштады. Бул тууралуу Москвадагы көргөзмөгө келген окурмандардын бири Валерий Баруновдун пикири төмөнкүдөй:

- Бул энциклопедия деги кандай китеп болот деген маселе өтө кызыктуу, биз күткөндөй болбой калабы деп чочулап да кетет экенсиң. Бул эми көп жагынан башкы редактор, басылманы даярдап жаткан жетекчилердин аң-сезимине көз каранды маселе, көрө жатарбыз.

Президент Путиндин жардыгында жаңы энциклопедиянын долбоорун турмушка ашыра турган чыгармачыл жамааттын директорлугуна Орусиянын илимдер академиясынын башчысы Юрий Осипов бекитилген. Белгилүү советтик окумуштуу, 1976-жылы илимий эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыкка татыган математик Осипов учуру келгенде Кремлди катуу сындагандан кайра тартпайт, жакында ал орус өкмөтү Илимдер академиясынын бюджетин кыскартканда: "Исаак Ньютон биздикиндей айлык алса, бактан алманын кулап түшкөнүн көрүп, чоң ачылыш жасап отурбай эле аны ошол замат жеп салмак", - деп айтканы бар.

Ал эми жаңы орусиялык энциклопедиянын идеологиялык жагы кандай болот, азырынча белгисиз. Москвада өкүм сүргөн маанайга караганда, анда Орусиянын 91-жылдан берки тарыхы кыйла түзөтүлүп, өкмөттүн ишмердиги шаңдуу апаздарда жазылат шекилдүү. Саясий калпыстыктардан "Чоң советтик энциклопедия" деле четте калган эмес, 1953-жылы экс-Советтер Союзундагы бул калың китеп ээлеринин баары редакциядан: "Лаврентий Берия" жөнүндөгү маалыматты чийип туруп, анын ордуна мобу "Бермуд кысыгы" тууралуу баалуу кабарды чаптай салыңыз", - деген мазмундагы алакандай кат алышкан.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG