Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:09

ИРАКТЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ: “ИРАК МУРДАГЫДАН ТАКЫР БАШКА БОЛОТ”


Бүбүкан Досалиева, Прага Араб мамлекеттеринин тутумуна 22 мамлекет кирген Лигасынын тышкы иштер министрлери шейшембидеги жыйынында Ирактын Башкаруу Кеңешин расмий түрдө тааныды жана Башкаруу Кеңешинин өкүлүн жыйынга катышууга чакырды. Лига мүчөлөрү мындай чечимге көп саатка созулган талаш – тартыштан кийин араң келишти.

Араб мамлекеттеринин Лигасы Ирактын АКШнын күчү менен түзүлгөн Башкаруу Кеңешин таануу маселесин бир нече айдан бери талкуулап жатып, акыры уюмдун тышкы иштер министрлер деңгээлиндеги жылдык жыйынына анын өкүлүн чакыруу чечимине келди. Сауд Арабстандын тышкы иштер министри ханзаада Саид ал–Файсалдын маалыматына караганда, бул убактылуу Башкаруу Кеңеши менен кызматташуу керек жана анын зарылдыгы жок деген эки башка көз караштагы тараптардын азыркы чындыкты түшүнүү менен гана кыйылып жатып кабыл алган чечими болду. Буга мындан бир аз эле убакыт илгери, Башкаруу Кеңеши 13–июлда түзүлгөндө Лиганын аны тааныбайбыз деген билдирүүсү да түрткү болду. Ушундан улам Лига Иракка Саддамдын убагындагы мурдагы мыйзамдуу ордун биротоло ээлөөгө уруксаат береби же жокпу, ал азырынча белгисиз. Саясат таануучулардын баамында, эгер Лига андай чечимге келсе убактылуу Башкаруу Кеңештин региондогу жана эл аралык кадыр- баркын арттырат. Бирок, аны таптакыр тааныгысы келбеген тараптардын ич күптүсүн көбөйтүп, айрым мамлекеттердин өкмөттөрү Америка менен катуу ымалага кирди деген кинени пайда кылат.

Ал эми Лиганын шейшембидеги жыйынына Ирактын убактылуу Башкаруу Кеңешинин тышкы иштер министри Хошияр Зебари катышты. Лига өкүлдөрүнүн алдында сүйлөгөн чакан сөзүндө ал Ирактын мындан аркы саясаты менен өнүгүшү Саддам Хусейндин тушундагыдан таптакыр башкача болорун зор ишеним менен жарыя кылды:

- Жаңы Ирак Саддам Хусейндин доорундагыдан такыр башка болот. Жаңы Ирак демократияга, конституцияга негизделип түзүлөт. Мыйзамдуулук жана өз атуулдарынын укугун коргоо - анын эң башкы жана келечектүү багыты болот. Жаңы Ирак азыр көптөгөн азаптардын башы болгон террорчулукка каршы күрөшөт.

Анын айтымында, Ирак мындан аркы тышкы саясатын да ырааттуу жүргүзүп, бардык тараптар менен ымаласын күчөтөт:

- Мен силерди ишендиргим келет: Ирак Араб дүйнөсүндөгү жана башка тармактардагы өзүнүн ордун чукул эле арада ээлей алат. Бул үчүн ал региондо туруктуулуктун калыптанышы үчүн жаңы саясат жүргүзөт. Ал эл аралык мыйзамдардын жана коңшулары менен достук мамиледе болуу, өз ара урматтоо жана согуш менен зомбулук менен келишпөө принцибине негизделет. Ирак Араб мамлекеттери менен ачык кызматташып, бир туугандык жана достук мамилелерди түзүүгө, эл аралык коомчулук менен жана алардын уюмдары менен түшүнүүчүлүк кызматташуу мамилесин калыптандырууга аракеттенет, - деди Хошияр Зебари.

Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебаринин бул айткандары ишке толук качан ашаары белгисиз. Бирок, АКШ президенти Жорж Буш АКШ демократиялуу Иракты кураарын шейшембиде дагы бир жолу баса белгилеп, ага күч менен каражат аябай тургандыгын билдирди.

Ал эми Иракта кырдаал дагы эле кооптуу. Шейшембиде буга чейин тынчыраак жер деп эсептелип келген Эрбил шаарында жардыруу болуп, андан бейкүнөө бир адам набыт кетип, 53ү жарат алды. Анын алтоо АКШнын жоокери болуп чыкты. Жардыргыч АКШ аскерлери жайгашкан имараттын жанында турган машинага коюлган экен.
XS
SM
MD
LG