Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ АБАЛ КЕСКИН НАЧАРЛООДО


Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/B50A4DA8-B08C-4975-B0EF-CCC3307B8F3B_w203.jpg 9-сентябрда кечинде Израилде удаасы менен эки террор аракети ишке ашырылып, он бешке жакын адам курман болду. Жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек, бирок "Хамас" уюму жардырууларды колдоп чыкты, кээ бир арабдар болсо майрам да өткөрүштү. Индияда жүргөн Израилдин премьер-министри Ариел Шарон шашылыш түрдө мекенине кайтып келди.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Палестина британиялык оторчулуктан бошогондон соң, аймакта дээрлик такай согуш жүрүүдө. 1947-жылдын ноябрында кабыл алынган Бириккен Улуттардын чечими боюнча, аймакта эки башка - араб жана жөөт мамлекети негизделүүгө тийиш болчу жана жөөттөр 1948-жылдын май айында Израил мамлекетин түзгөн. Бирок арабдар ага каршы чыккандыктан, согуш башталган жана анын жыйынтыгында жөөттөр бир топ араб жерлерин да басып алган. Кийинки согуштарда Израил арабдарга чегерилген Йордан дарыясынын батыш жээги менен Газа тилкесин жана эл аралык макамга ээ болгон Йерусалим шаарын дагы ээлеп алган.

Жөөттөрдүн негизги талабы 50 жылдын ичинде өзгөргөн жок - арабдар террорчулукту толук токтоткондо гана басылып алынган жерлер аларга кайтарылып берилиши мүмкүн. Жарым кылымдын ичинде бир нече тынчтык планы иштелип чыккан жана кээ бир саясатчыларга ал үчүн Нобел сыйлыгы да ыйгарылган, бирок касташуу токтой элек жана согуш уланууда. "Жол картасы" деп аталган жаңы план АКШ, Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана Орусия тарабынан иштелип чыккан жана касташкан тараптарга үстүбүздөгү жылдын май айында тапшырылды.

План боюнча Палестина автономиясынын жетекчилиги террорчулукту тыйыш керек, Израил басылып алынган араб жерлерин кайтарып, ал аймактарда курулган жөөт айылдарын көчүрүп кетүүгө тийиш жана 2005-жылга чейин Палестина өз алдынча мамлекет болуп жарыяланат. Арабдарга коюлган дагы бир талап - планды ишке ашыруу аракеттеринен төрага Ясир Арафат четтетилип, автономиянын премьер-министри болууга тийиш. Арафат ага макул болуп, Махмуд Аббасты премьер кылып дайындаган, бирок андан согуш токтоп кеткен жок жана күнөө эки тараптан тең кетүүдө.

Араб согушкер уюмдарынын аракеттерин Палестина жетекчилиги токтото албай жатат. Израил ар бир террор аракетине жооп катарында аскерий чабуул жасап, согушкерлер менен кошо карапайым адамдарды да өлтүрүүдө. Түзүлгөн оор абалда 6-сентябрда Аббас кызматынан чегинди жана Арафат анын ордуна Ахмед Курайини дайындады.

9-сентябрда болсо, кечки саат алтынын тегерегинде Тел-Авив шаарынын алдындагы аскерий базанын жанында бир араб жан кечти өзүн өзү жардырып жибергенден, анын жанындагы сегиз киши дароо курман болуп, дагы жыйырмага жакын адам жараат алды. Кечки он бир жарымда Йерусалим шаарындагы "Хилел" аттуу кафеге дагы бир жан кечти кирип, өзүн жардырып жибергенден алты адам дароо өлүп, дагы отузга жакын киши жарадар болду.

Израил жетекчилиги бул эки теракт үчүн арабдардын "Хамас" уюмун күнөөлөдө, анткени 6-сентябрда жөөт коопсуздук кызматы уюмдун руханий жетекчиси шейх Ахмед Ясиндин өмүрүнө кол салган, анын алдында, 2-сентябрда болсо жөөттөр "Хамастын" Батыш жээктеги жетекчисин атып өлтүргөн. Август айында Израилде бир автобус жарылып, андан жыйырмадан ашык адам курман болгондон кийин, жөөт аскерлери бир нече чабуул жасап, "Хамастын" 12 согушкерин жана алар менен кошо беш карапайым адамды өлтүрдү. 10-сентябрда "Хамас" уюму атайын жарыя жасап, мындай чабуулдар ушундай жыйынтыкка алып келмек деп билдирди, бирок акыркы эки жардыруу үчүн өзүнө жоопкерчиликти алган жок.

Палестинанын премьерлигине көрсөтүлгөн Ахмед Курайи террорчуларды сынга алды: "Биз, Палестина жетекчилиги, бул жардырууларды катуу айыптайбыз, алардан пайда жок жана алар Палестина элинин дагы, анын жетекчилигинин да кызыкчылыгында эмес. Бул маселе айкын жана төрага Арафат дагы муну катуу айыптап жатат".

Израилдин аскерий учактары болсо таң эртең менен Газа тилкесине чабуул жасап, "Хамастын" жетекчилеринин бири Махмуд Захардын үйүн бомбалады. Ал өзү жарат алганы менен тирүү калды, бирок эки адам курман болуп, дагы жыйырмадай киши жарадар болду. Согуш мындай нукта улана берсе, "Жол картасы" дагы ишке ашпай калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG