Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

НОЯБРЬ АЙЫНДА КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛКТӨН САЛЫК ЧОГУЛТУЛА БАШТАЙТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыймылсыз мүлк салыгын жана айыл чарба продукциясына кошумча нарк салыгын ишке киргизүүнүн жолдору иштелип чыга элек. Бирок өкмөт мүчөлөрү бул салыктар быйыл ноябрь айынан баштап чогултула башташы мүмкүн экендигин айтып жатышат.

Кыймылсыз мүлк салыгы жана айыл чарба продукциясына кошумча нарк салыгы жөнүндө мыйзамдар быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында эле кабыл алынган болчу. Бирок алар ушул убакка чейин ишке киргизиле элек. Андан бюджетке бир да тыйын түшпөгөндүгүн жакында келип кеткен Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) миссиясы баса белгиледи. Финансы министрлиги ал мыйзамдардын иштебей жатышын алардын ишке киргизүү механизмдеринин жоктугу менен түшүндүрөт. Мыйзам кабыл алынып жатканда ал даяр эмес эле. Депутаттар менен өкмөттүн ортосунда салык салына турган чек жөнүндө талаш- тартыш чыгып, бул маселе боюнча алар бир пикирге келе алышкан эмес. Депутаттар мыйзамды ишке киргизүү жөнүндөгү токтомго “айыл чарба продукциясына кошумча нарк салыгын 300 миң сомдон ашык продукция өндүргөн субъектилер төлөсүн” деп жазууга макул болушканы менен, алар бул чекти көтөрүүнү өкмөттөн талап кылышкан.

- Депутаттар “салык салынбай турган чек 750 миң сом болсун” деп бизге тапшырма беришкен. Азыр биз бул тууралуу Эл аралык Валюта Фонду менен бир пикирге келе албай жатабыз, - деди финансы министри Болот Абилдаев. Анын айтымында, ЭВФ ошол 300 миң сомду калтырууну талап кылып жатат. Финансы министрлиги болсо, “чек депутаттар айткандай 750 миң болбосо да, аны 500 миңге чейин көтөрүү зарыл” деп эсептейт. Болот Абилдаев, депутаттар 500 миң сомго макул болушса, бул салык жакында ишке киргизиле тургандыгын белгилейт.

Ал эми кыймылсыз мүлк салыгы тууралуу болсо, мыйзамда жазылган жобого ылайык 500 миң сомго чейинки сумма салыктан бошотулуп, андан ашканда гана ишканалар мүлктүн 0,95%, адамдар 0,35% өлчөмүндө салык төлөөгө тийиш болчу. Бирок бул 500 миң сом база катары кабыл алынган максималдуу чен экендигин айтышат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу министрлигинин адистеринин ою боюнча, аны Бишкек шаары үчүн колдонсо болот. Ал эми кыймылсыз мүлктүн рыногу өнүкпөгөн башка региондор үчүн аны төмөндөтүш керек. Депутаттар ошол төмөндөтүү коэффициенттерин иштеп чыгууну өкмөткө тапшырышкан.

- Жай айларында биз бекер жаткан жокпуз. Ар бир шаарга барып талдоо жүргүзүп, шаардык кеңештердин депутаттары менен кошо коэффициенттерди аныктап чыктык. Бул коэффициенттер чагылдырылган кыймылсыз мүлктү баалоо жөнүндөгү жобо азыр даяр. Жакында аны Жогорку Кеңештин комитетинен өткөрүп, сентябрь айынын аягында палатага алып чыгабыз, - деди жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүгүү иштери боюнча министр Төлөбек Өмүралиев. Анын айтымында, Чолпонатада бул чек Бишкектин деңгээлинин 70%, Ошто болсо 60% түзөт. Ал эми кыймылсыз мүлктүн баасы төмөн башка шаарларда болсо бул чек андан да аз болот.

500 миң сом салык салынбоочу чек - турмушу начар үй-бүлөлөрдү салыктан бошотуш үчүн киргизилип жаткан чек. Ал канчалык жогору болсо, эл салыктан ошончо бошотулат. Бирок ал өтө эле жогору болсо, бюджетке ал салыктан эч нерсе түшпөйт. Казынага көбүрөөк акча түшүрүүнү көздөгөн өкмөт адегенде “бул чек 300 сом болот” деп, Жогорку Кеңешке мыйзамдын долбоорун киргизген болчу. Талкуудан кийин депутаттар аны 500 сомго көтөрүп коюшкан. Өкмөт азыр буга макул.

- Эгерде чек Бишкекте 500 миң сом болсо, эсептеп көрсөк, элдин 82% эч нерсе төлөбөйт экен, - дейт Төлөбек Өмүралиев. Анын айтымында, бул салык экиге бөлүнүп, жазында жана күзүндө жыйналат. Министр бул салык быйыл эле ноябрь айында чогултула баштаарын айтты.

XS
SM
MD
LG