Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

МУНАПЫСТЫН КЕЧИГИШИНЕ КАМАКТА ЖАТКАН Ф. КУЛОВДУН ТИЕШЕСИ БАРБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргыз президенти «Мунапыс тууралуу” мыйзамга кол койбой, айрым беренелерине каршы пикирин парламентке жөнөттү. Бул - эгемендик жылдары кабыл алынган мунапыстардын он үчүнчүсү. Ал темир тордун артындагы 786 кишини боштондукка чыгармак. Айрым саясатчылар “президенттин бул кылганы түшүнүксүз” дешсе, башкалары “буга камакта жаткан Феликс Куловдун тиешеси бар” деген ойлорун айтышууда.

Он үчүнчү мунапыс президентке кол коюуга июль айынын башында жөнөтүлгөн. Ага каршы сөзүн мамлекет башчысы 24-июлда эле жазган. Каникулдан келген депутаттар 3-сентябрда тиешелүү комитетте бир сыйра талкуулашты. Бул мунапыста Чернобыль апаатында болгондор, интернационалист-жоокерлер, I, II топтогу майыптар, кары-картаңдар, кургак учук менен катуу ооруп аткандар, жеңил-желпи кылмыш кылгандар, чыгаарына бир жыл калгандар бошомок. Ошондой эле үй-тирилик шартында күйөөсүн өлтүрүп алган 9 аял да үйүнө кайтмак. Дал ушул жашы 50дөн өтүп калган 9 аялдын бошотулушуна Аскар Акаев каршы болду. «Оор кылмыш жасагандардын бошоп кетиши туура эмес» деп жазат ал. Бул мунапысты абактагы 786 адам зарыгып күтүп атат. «Ал керекпи же жокпу?» деген талашка кеч болуп калды. Президент менен өкмөт баш болуп депутаттар да кош колдоп «кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тоюна карата элге белек кылабыз» дешкен эле. Аңгыча президенттин бул мунапыска каршы пикир жөнөткөнү көп адамдарды таң калтырды. Депутат Ишенбай Кадырбеков «президент саясий ката кетирди» деп эсептейт.

- Мамлекет бир кезде кылмыш кылган жарандарына кечиримдүүлүк кылып турушу керек, - дейт Ишенбай Кадырбеков. - «2200 жылдык тойго атайын белек кылабыз» дегенден кийин президенттин артка кадам таштаганы туура эмес болуп калды. Эми ал жакта кары-картаңдар, майыптар, согушка катышкандар бошомок. Менимче, бул мамлекет башчысынын саясий катасы болуп калды.

Бул мунапысты алгач депутаттар сунуш кылышкан. Бирок аткаруу бийлиги да өз долбоорун көтөрө келип, эки вариант бириктирилген. Мыйзамдын автору, депутат Азимбек Бекназаров «президент «мунапыс ушул кейпинде кабыл алынса, Феликс Кулов чыгып кетет» деп чочулап жатат» деген ойдо.

- Биринчиден, мыйзамга мен автор болгонум «Ак Үйгө» жакпай калды, - дейт Азимбек Бекназаров. - Экинчиден, «мыйзамдын 4-беренеси боюнча Феликс Кулов чыгып кетет» деп чочулашууда. Мунапыска туш келбегендердин мөөнөтү кыскармак. 15 жылга соттолгондордун бештен бири, 10 жылга соттолгондордун төрттөн бири дегендей. Ошондо Куловдуку 2 жылга азайса, мурунку отургандарын эсептегенде эрте чыгып калмак. Президент ушундан коркту деп ойлойм.

Мунапыс жөнүндөгү мыйзамдын төртүнчү беренесине ылайык эркиндикке чыкпай калгандарынын мөөнөтү кыскартылмак. Дал ушул беренеге Аскар Акаев каршы чыкты.

Президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул «бул жерде эч кандай саясий жүйө жок» деп эсептейт. Анын айтымында, буга дейре киши өлтүргөндөргө жана чоң акчага зыян келтиргендерге мунапыс берилген учур болгон эмес. «Ал эми бул окуяны Ф. Куловго байлап аткандар жумурткадан кыр издеп атышат» деген пикирде Арабаев.

Феликс Кулов негиздеген «Арнамыс» партиясы бул мунапысты чыдамсыздык менен күтүп аткан. Анын лидери Эмил Алиев президенттин кокусунан эле каршы чыгып калышын Феликс Куловго байланыштуу деп эсептейт. «Эч жерде муну ачык айта алышпайт, бирок кептин баары ушунда», - дейт ал.

Он үчүнчү мунапыстын ошентип бактысы ачылбай турат. Адатта президент мунапыс болуп турганын жактырчу эле. Буга чейин камактагылардын жолун тоскон учур байкалган эмес. 2002-жылы 25-июлда кабыл алынган мунапыста баш-аягы 317 киши бошоптур. Бул маалыматты Эл өкүлдөр жыйынына Юстиция министрлиги берген. Бирок өкмөт бул мунапыс боюнча мыйзамды сунуштап атканда «кургак учукка кабылган 580 адам үйүнө кайтат» деп ишендирген. Антсе да кургак учук менен ооруган 2 гана адам бошогону табышмак. Бул маалыматты юстиция министринин орун басары Таштемир Айтбаев Эл өкүлдөр жыйынына берген. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Исхак Масалиев мунапыстар кабыл алынгандан кийинки көзөмөлдүн жоктугуна кабатыр. Түрмөнүн башчысы, прокурор жана сот чогуу-чаран мунапыска туш келгендерди эмес, акчасы барларды чыгарып койгон да учурлар болуп атканына кейиди.

Он үчүнчү мунапыс Мыйзам чыгаруу жыйынында келерки жумада каралганы жатат. Мыйзам боюнча парламент президенттин каршы пикирин 6 ай ичинде караса болот. Бирок депутаттар мунапыс тууралуу мыйзамды тез арада караганга баш уруп калышкан шекилдүү.
XS
SM
MD
LG