Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

“Суутектик бомбанын атасы” Эдвард Теллер көз жумду


“Суутектик бомбанын атасы”, америкалык илимпоз Эдвард Теллер 95 жаш курагында келбес сапарга кетти.
Ал акыркы жылдары АКШнын Калифорния штаттындагы Стенфорд университетинде коргонуу жана энергетика саясаты боюнча кеңешчи болуп иштеп жүргөн.
Теги мажарстандык Теллер Экинчи Дүйнөлүк Согуш кезинде башка илимпоздор менен чогуу өтө жашыруун “Манхеттен долбоорунун” үстүнөн иштешет. Алар жасаган атомдук бомба 1945-жылы Жапонияга ташталган.
Теллер согуштан кийин суутектик бомбанын үстүнөн иштеген жана АКШнын өзөктүк коргонуу системасын курууну дилгирлене колдогон.
Стэнфорд университети бүгүн жарыялаган билдирүүдө Эдвард Теллер “ХХ кылымдагы физиктердин алпы” деп аталат.


Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG