Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Белград жана Загреб өткөн жамандыктарын кечишти


Хорватиянын президенти Степан Месич Сербияга ырасмий визит менен келди. Месич 1991-жылы Хорватия мурдакы Югославиядан өзүн күнкорсуз деп жарыялагандан бери Белградга келген биринчи хорват лидери.
Сербия жана Черногория союзунун президенти Светозар Марович Месич менен болгон кездешүүдө 1991-95-жылдардагы Балкан согуш учурунда хорваттарга каршы жасалган кылмыштар үчүн кечирим сурады:

- Мен Сербиялык жана Черногориялык ар бир жарандын Хорватиялык кайсы гана адамга болбосун жасаган бардык жамандыгы үчүн кечирим сурагым келет.

Степан Месич кечиримди кабыл алып, Марович сыяктуу эле кечирим сурады.
Быйыл февралда Югославия федерациясы жоюлуп, анын ордуна Сербия жана Черногория союзу түзүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG