Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:51

КЫРГЫЗСТАН: 11-СЕНТЯБРДЫН САБАКТАРЫ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Учактарды пайдаланган террористтердин АКШга кол салганына бүгүн эки жыл толду. 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк менен Вашингтондо болгон трагедия Кыргызстандын тышкы саясатына кандай таасир этти?

2001-жылдын 11-сентябры Кошмо Штаттардын тышкы саясатын, дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды кескин өзгөртүп, акыры түбү Кыргызстандын азыркы абалына түздөн-түз таасир тийгизген. АКШнын шаарларында болгон апааттан соң Кыргызстандын жетекчилиги эл аралык терроризмге каршы күрөштө АКШ тарапта экенин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алган. Ооганстандагы террорго каршы согуш ачууга бел байлаган Эл аралык антитеррордук коалицияга өз аймагын Кыргызстан биринчилерден болуп сунуш кылып, расмий Бишкектин бул демилгеси Батыш дүйнөсүнөн колдоо тапкан. Буга макул болбоско чарасы жок Орусия менен Кытайдын жетекчилери кийин Кыргызстандын аймагында террорго каршы уюмдарды күчөтүүгө белсене киришкен. Мурда эл аралык терроризмге каршы күрөштөгү өзүнүн татыктуу ордун анча көрсөтө албай келаткан расмий Бишкек ушул окуядан соң Батыш өлкөлөрүнүн да, Шанхай Кызматташтык Уюмунун да, Коллективдүү Коопсуздук Келишиминин да кызыккан объектисине айланган.

Андан бери Эл аралык антитеррордук коалициянын аракети аркасында Ооганстанда салыштырмалуу тынчтык орноп, эл аралык терроризмдин ири очогу катары эсептелген «Талибан» кыймылы тарыхый аренадан кетти. Азыр болсо Кыргызстандын ишканалары Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча иштерге кадимкидей аралаша баштаган кези. Ал эми Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызынын кыйласын артка жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөргө макул болуп, кыргыз өкмөтү кыйла ийгиликтүү инвестициялык саммиттерди өткөрүүгө жетишти.

Мунун баарын бир катар эксперттер Кыргызстандын АКШ баш болгон антитеррордук коалиция менен жакшы мамилесине байланыштырып келишет. Адатта дипломатиялык эрежелер боюнча саясий жана экономикалык маселелер бири-биринен расмий түрдө түздөн-түз байланышта каралбагандыктан, андай пикирдин анык-төгүнүн так айтыш кыйын. Кандай болгон күндө да, мындан 2 жыл мурда АКШда болгон каргашалуу окуя Кыргызстандын азыркы абалына таасир тийгизгенин танып болбойт.
XS
SM
MD
LG