Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Азия Өнүктүрүү Банкынын Баткен шаарын таза суу менен камсыз кылуу долбоору үзгүлтүккө учурашы ыктымал


БАТКЕН. Азия Өнүктүрүү Банкынын талабына ылайык ишти башташ үчүн долбоордун жалпы наркынын 5%, башкача айтканда 60 млн. сомдун 3 миллиону шаар калкынан топтолуш керек эле. Бирок облустук акимчиликтин айыл-чарба бөлүмүнөн бүгүн алынган маалыматка караганда, азыркыга дейре элден чогулчу акчанын 9,3% араң топтолгон. Ошол себептүү иш башталбай турат. Эгер тиешелүү суммадагы акча топтолбосо, анда бул долбоор ишке ашпайт, Баткен шаарын таза суу менен камсыздоо маселеси азыркыдай эле курч бойдон кала берет. Ушундан улам облустун жетекчилиги өлкөнүн айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрине кат жолдоду. Катта жыл аягына дейре 5% акчаны топтоп берүү тууралуу кепилдик берилип, Баткендеги долбоор боюнча ишти баштай берүү өтүнүчү айтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG