Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Жалалабадда эки эркин гезитке байланышкан сот иши уланууда


ЖАЛАЛАБАД. Жалалабадда «Фергана» гезитине жана «Справедливость» уюмунун басылмасына жарыяланган «Базаркоргончо тазалоо» аттуу макалага байланышкан сот иши аяктай элек. Доогер тарап эки басылмадан жана макаланын автору Азимжан Аскаровдон моралдык чыгымды өндүрүп берүүнү соттон талап кылууда. Ишти караган Жалалабад шаардык сотунун бүгүнкү маалыматы боюнча, сот бул ишти кароого макаладан кийин текшерүү жүргүзгөн облустук комиссияны чакырууну туура тапты. Басылмалар менен авторду июлда сотко берген Базаркоргон райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Төлөгөн Абдуллаев адвокаты Бишкекке кеткенинен улам ишти токтотууну жана райондук жетекчилерди да сотко чакырууну өтүнгөн. Ал макала менен облустук комиссиянын тыянагын «бир жактуу» деп, эки басылманын ар биринен 50 миң сомдон, автордон 100 миң сом өндүрүү талабын койгон. Соңку сотто дарыгерлер ага каршы көрсөтмө беришкен.

XS
SM
MD
LG