Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

«Кыргыз-кытай чек арасы тууралуу документтер» аттуу китептин бет ачаар аземи болду


БИШКЕК. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияда «Кыргыз-кытай чек арасы тууралуу документтер» аттуу китептин бет ачаар аземи өткөрүлдү. Ага тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Жан Ян Ян жана башка расмий адамдар катышты. Жыйында сөз сүйлөгөн Аскар Айтматов китептин жарык көрүшүн «кыргыз-кытай чек арасын юридикалык жактан тууралаштыруу» деп баалады. Ал эми Кытайдын элчиси болсо, эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын такталышы келечекте өз ара кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Китепти академик Владимир Плоских жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Зайнидин Курманов жазышкан. Анда кыргыз-кытай чек арасы тууралуу тарыхый документтер камтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG