Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Жакынкы Чыгышта жагдай тынч эмес


Вашингтон Палестинанын жаңы өкмөт башчысы Ахмед Корейи бардык террорчул уюмдарды мыйзамсыз деп жарыялап, алардын ишмердигин тыюуга тийиш деп басым жасоодо. Шейшембиде Израилде орун алган эки жанкечти жардыруудан 15 адам набыт болуп, ондогон кишилер жараат алышкан. Ал кол салуулар үчүн жоопкерчиликти "Хамас" уюмунун аскерий тобу өзүнө алган. Шаршембиде жөөт армиясы "Хамастын" лидери Махмуд аз-Захардын көзүн тазалоо операциясын өткөрүп, ал өзү аман калганы менен, аз-Захардын уулу менен жансакчысы мерт болушту. Ооруканага жеткирилген "Хамастын" лидери бул операциянын кесепеттерин Израил жакында сезет жана палестиндер акыры көз карандысыз мамлекетке ээ болушат деп жар салды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG