Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

АКШдагы теракттардан бери 2 жыл өттү


Бүгүн Америкада 3000дей адамдын өмүрүн алган 11-сентябрдагы террордук чабуулдардын 2 жылдыгы белгиленүүдө. Учактар сайылып, кыйраган Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун ордунда ал күнү шейит кеткен адамдардын туугандары, диний жана башка ишмерлер чогулуп, кандуу окуялардын курмандыктарын эскеришет. Миңдеген үй-бүлөгө жоготуу алып келген ал күндү эскерүү жыйындары Ак үйдө, кийинки учактар сайылган Пентагондо, Пенсильвания штатында да өткөрүлөт. Бул кайгылуу датага байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти эл аралык террорчулар америкалыктарга каршы чабуулдарды азыр да пландаштырып жатканына көңүл бурду.

- Америка элин коргоонун эң мыкты жолу – активдүү аракеттенүү, өз мекенибизде гана эмес, чет мамлекеттерде да чечкиндүү күрөштөн тайбашыбыз керек.

Шаршембиде Катардык "ал-Жазира" телеканалы "ал-Каида" уюмунун башчысы Осама бин Ладен менен анын орун басары Айман ал-Завахри тартылган жаңы тасманы көргөздү. Ал-Завахри анда Америкага каршы дагы кеңири кол салуулар уюштурууга убада кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG