Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

11-СЕНТЯБРЬ: БАЛКАНДА ПРОГРЕСС БАЙКАЛДЫ, БОРБОРАЗИЯДА ЖЫЛЫШ ЖОК


11-сентябрдагы алааматтан бери эки жыл өттү. Ошондон бери дүйнө антитеррордук согуштун шартында жашап жатат. Көпчүлүк эксперттер бул кампанияда Вашингтонго союздаш болуп, Балкан өлкөлөрү саясий-экономикалык реформаларда жана адам укуктары чөйрөсүндө бир топ майнап тапканын, ал эми Борборазияда болсо сезилерлик жылыштар байкалбагандыгын белгилешүүдө.

Дүйнөлүк террорго каршы жарыяланган согушта Кошмо Штаттарына союздаш болгон түштүк европа өлкөлөрүнөн берлиндик аналитик Жеффри Гедмин өзгөчө Румыния менен Болгарияны бөлүп көрсөтөт. Коррупцияга жана экономикалык реформаларга байланышкан айрым проблемаларга карабастан бул эки өлкө жакынкы келечекте, болжол менен 2007-жылда Евросоюзга кошулганга реалдуу мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми Польша, Гедминдин баасында, эл аралык чоң оюнчуга айланды. Иракта,мисалы, ал өзгөчө маанилүү рол ойноп жатат.

Лондондук аналитик Лаза Кекич жалпысынан Балтик деңизинен Балканга чейинки аймакта чет элдик инвестиция, коопсуздук жана саясий чөйрөдө жагдай жакшырды деп эсептейт. Эң башкысы Борбордук жана Чыгыш Европада дүйнөнүн башка аймактарына караганда коога-калбанын коркунучу кыйла азайды. Ошол эле учурда террорго каршы күрөштүн капшабы менен региондо адам укуктары менен граждандык эркиндиктер кысмактала баштады. Жакынкы өткөн тарыхты эске алганда, бу маселелер региондогу өзгөчө маанилүү иш экенин белгилеп, Гедмин аталган проблема Кошмо Штаттары үчүн да башкы маселе болушу керек деп эсептейт.

Лондондук аналитик Алекс Ватанканын пикирине ылайык, 11-сентябрдан кийинки окуялар Борборазия аймагын да эл аралык коомчулуктун айлампасына кошту. Ушу мааниде алганда бүткүл регион үчүн жаңы доор келди десе болот, анткени борборазияны дүйнөлүк жамаатка интеграциялоо чоң камтамачылыктарды пайда кылып келген эле. Эми болсо, мисалы, Өзбекстан жөнүндө “Нью-Йорк таймстан” маал-маалы менен макалаларды окуганга болот; региондун эли тууралуу мурда анчейин кабарсыз болушса, дүйнөнүн бардык жеринде аларды эми кеп-сөз кылып,билип калышты. Бирок Ватанка соңку эки жылдын ичинде региондогу авторитардык режимдердин жаалы жанбастан, тетирисинче, күч алып кетти деген ойдо. Вашингтон болсо алар менен өнөктөшүп, демократия жана адам укуктары чөйрөсүндөгү абалга көз жумуп койду. Түпкүлүгүн айтканда, Ватанканын пикири боюнча, региондогу өкмөттөрдү бу жагынан америкалыктар түрткүлөп, реформалардын реалдуу акыбетин талап кылып, ошондой шартта гана алар менен кызматташышы керек эле. Бирок америкалыктар чечкиндүү эч кандай кадамдарды жасаган жок, деп айтты Ватанка.
XS
SM
MD
LG