Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

КМШнын КУРУЛУШЧУЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДА КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮШТҮ


Сапар Орозбаков, Бишкек КМШ өлкөлөрүнүн Курулуш ишмердүүлүгү жаатындагы кызматташтык боюнча өкмөт аралык кеңешинин Кыргызстандагы 2 күндүк отуруму бейшемби күнү соңуна чыкты.

Кеңештин күн тартибине 14 маселе коюлуп, алардын ичинен курулушту ипотека жолу менен каржылоо маселеси өзгөчө кызыгуу жаратты. Оор жана узак экономикалык реформаларды башынан кечирип, тапкан кирешелери азайып кеткен КМШ өлкөлөрүндө азыр турак-жайды, социалдык жана өндүрүштүк объектилерди курууга мурдагыдай бюджеттен акча каралбай калды. Азыр курулушту негизинен өз кирешесинин жана чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен жеке менчик сектору жүргүзүп жатат. Ал аны жакшы эле жүргүзүп жаткансыйт. Бирок алардын жасаган иштери мурдагы Советтер Союзунун тушундагы курулуш иштеринин көлөмүнө караандабай калып жатат. Мындай абал жалаң эле Кыргызстанда эмес. КМШнын башка өлкөлөрүнөн келген, курулуш тармагы боюнча иш алып барган министрликтердин жана агенттиктердин жетекчилери да өз өлкөлөрүндө курулуш иштерине аз акча бөлүнөөрүн айтып даттанып отурушту. Ошондуктан кеңештин мүчөлөрү курулушту каржылоонун башка жолдорун пайдалануу зарыл экенин белгилешти. Аларды ипотекалык кредиттөө жолуна түшкөн Орусиянын жана Казакстандын тажрыйбасы кызыктырды.

- Орусия былтыр курган 33,8 млн. чарчы метр үйдүн 8-10% ипотеканын тиги же бул түрүнө кирет, - деди Орусия Федерациясынын Курулуш жана турак-жай-коммуналдык комплекс боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары Анатолий Петраков. Анын айтымында, Орусияда ипотекалык кредит берген бир нече банк түзүлгөн. Кыргызстанда болсо андай банктар азырынча жок. Бизде ипотека жөнүндө сөз жаңыдан эле башталды.

- Турак-жайды кредиттөөгө эки негизги шарт болушу керек. Инвестиция жасагыдай мамлекетте бош акча болушу керек. Анан кредитти кайттарып берүүнүн кепилдиги болушу зарыл, - дейт Кыргызстандын Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Анвар Турсунов. Кыргызстанда мындай шарт жок. Банктар узак мөөнөткө кредит беришпейт. Беришсе да, алардын 30% жеткен кредиттик үстөгүн курулуш көтөрө албайт. Анатолий Петраков, Орусияда ипотека үчүн 10% чейинки кредиттер колдонулаарын айтат. Ал эми кредиттердин кайтарымдуулугун камсыз кыла турган “Күрөө тууралуу мыйзам” бизде Жогорку Кеңеш тарабынан эми гана каралганы жатат.

- Бизде “Күрөө тууралуу” мыйзам жөнүндө олуттуу талкуу жүрүп жатат. Ушул убакка чейин биз бул мыйзамды кабыл ала элекпиз. Ал азыр мыйзамчылардын иш планына киргизилди. Эгерде бул мыйзам кабыл алынып кала турган болсо, турак-жайды курууну ипотекалык кредиттөө иши алга жыла баштайт, - дейт премьер-министр Николай Танаев. Ал курулуш иштерин кредиттөөгө КМШнын Мамлекет аралык банкынын каражаттарын да пайдаланса боло турганын белгиледи. Кыргызстандын өкмөт башчысынын айтымында, ал Москвада болгондо банкка атайын барып, анын жетекчилери менен маектешкен. Банктын жетекчилери бүл үчүн каражат бар экенин айтышкан.

Кыргызстандын премьер-министри кесиби боюнча курулушчу. Ошондон улам болсо керек, Николай Танаев бул кеңештин ишине өзгөчө көңүл бөлүп, анын ачылышында куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан кийин кеңешмеге келген КМШ өлкөлөрүнүн делегация жетекчилерин Өкмөт Үйүндө кабыл алып, алардын ар бирине президенттин жубайы Майрам Акаеванын жакында чыккан “Үмүттүн оту өчпөйт” деген китебин белекке берди. Өкмөт башчысы китептин авторун азыр Кыргызстанда курулуш иштерин көп жүргүзүп жаткан адам катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG