Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Ирандын өзөктүк программасы боюнча чечим кабыл алуу кийинкиге калтырылды


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Ирандын өзөктүк программасы боюнча чечим кабыл алууну кийинки мөөнөткө калтырды. Мындай чечимге агенттиктин 35 мүчөсү бул маселе боюнча кошумча кеңешүүлөр керектигине байланыштуу келишкен. Франция, Германия жана Британия колдогон чечимдин долбоорунда 31-октябрга чейин өзөктүк программасы боюнча толук маалымат берүү талабын Иранга коюу каралган. Атомдук энергия боюнча агенттиктин инспекторлору Иранда куралга пайдаланылчу байытылган урандын изин табышкан. Бирок Тегеран өзөктүк программасы энергия өндүрүү максатын гана көздөөрүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG