Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Дүйнөлүк Соода Уюмунун жыйыны трагедия менен коштолду


Түштүк Кореялык белгилүү антиглобалист Мексиканын Канкун шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Соода Уюмунун жыйынына нааразылык билдирүү учурунда өзүнө өзү бычак уруп өлдү. 55 жаштагы Ли Хван Хэ Түштүк Кореянын парламенттинин мурдагы депутаты жана өлкөнүн фермерлер жана балыкчыларынын бирикмесинин төрагасы болуучу. Дүйнөлүк Соода Уюмунун Канкундагы жыйынына 146 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда жана анда айыл чарба продукцияларын соодалоо маселеси талкууланып жатат. Эми өнүгүп келаткан мамлекеттер өнүккөн өлкөлөрдөн өз айыл чарбасына жардамды азайтууну, бажы төлөмдөрүн кыскартууну талап кылууда. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан жыйындын ачылышында сөз сүйлөп, өнүккөн мамлекеттерди адилет соода жүргүзбөгөндүгү үчүн айыптап, андан жүз миллиондогон адамдар жакырчылыкта жашап жатканын айтты жана бай мамлекеттерди ачык жана чынчыл сүйлөшүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG