Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Анна Линддин каза болушуна Европа лидерлери кайгырууда


Европа мамлекеттеринин лидерлери Анна Линддин каза болушу боюнча терең кайгырууларын билдирүүдө. Европа Комиссиясынын төрагасы Романо Проди маалымат жыйынын өткөрүп, Линдди Европанын лидери катары баалады: Линд айым Швеция саясатында абдан таасирлүү саясатчы жана күчтүү инсан эле. Аны баары урматтап, сыйлашчу. Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро Линд айымдын көз жумушун өзөктү өрттөгөн өлүм деп, швед дипломатын жалпы Европадагы эң мыктылардын бири эле деп атады. Италиянын тышкы иштер министри бул бүтүндөй Европа үчүн өтө чоң жоготуу деди, ал эми Даниянын премьер министри Андерс Фог Расмуссен Линд айым компетенттүү, урматка ээ болгон жана эмгекчил эле деп эскерди.

XS
SM
MD
LG