Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Чолпоната шаарында өткөн III Эл аралык Ысыккөл спорт оюндарынын жыйынтыгы чыгарылды


КАРАКОЛ. Облустук дене тарбия, туризм жана жаштар саясаты департаменттин башчысы Марат Раматовдон бүгүн алынган маалыматка караганда, оюндардын жалпы жыйынтыгында Кыргызстандын спорт чеберлери биринчи орунду ээлешти. Ал эми облустун спорт чеберлери 7 алтын, 6 күмүш жана 4 коло медаль жеңип алышты. Спорттук мелдештин жүрүшүндѳ орусиялык жана казакстандык спорт чеберлери башка атаандаштарынан кыйла айрымаланып, экинчи байгелүү орундарга татыктуу болушту. Спорттук оюндардын соңунда Туризм жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин тѳрагасынын орун басары Каныбек Осмоналиев «тегерек стол» жыйынын ѳткѳрдү. Анда IV Эл аралык Ысыккѳл спорт оюндарына даярдык кѳрүү тууралуу сунуштар талкууланды.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева жана Аманбек Жапаров

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG