Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Нарын шаарында майып балдардын маселеси көтөрүлүүдө


НАРЫН. Нарындагы балдардын укугун колдоо боюнча ата-энелердин коомдук бирикмеси церебралдык шал оорусунан жапа чеккен балдарды калыбына келтирүү борборун ачышып, анда кээ бир кыйынчылыктарга туш болушууда. Бул жѳнүндѳ бүгүн Нарындагы балдардын укугун коргоо боюнча коомдук бирикменин башчысы Актанова Шарапат билдирди. Азыр Нарын шаарында балдардын церебралдык шал оорусунунун ар кандай түрлѳрү менен ооруган 20 бала менен ушул коомдук бирикме иш алып барып жатат. Бул борборго 50 баланын ата-энеси кайрылган. Бирок каражаттын жоктугунан улам эч жакка алынбай калган 20 балага гана кагаз-калем кармаганды тиешелүү адистер үйрѳтүшүүдѳ. Ошол балдарды шаардын ар тарабынан күндѳ ташып келүүгѳ транспорттун жоктугу чоң кыйынчылык жаратууда. Себеби, коляскачан майып балдарды кѳчѳнүн транспорту менен ташуу кыйын. Бул боюнча алар облустук жетекчилерге кайрылышкан. Жергиликтүү бийлик органдары болсо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу балдарга ысык тамак гана уюштуруп бермей болушту. Транспорт маселеси чечилген жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG