Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Аксыдагы «Энелер кыймылы» милицияга техникалык жардам көрсөтүүгө каршы болуп жатышат


БИШКЕК. Бүгүн Жалалабад облусунун Аксы районундагы «Энелер кыймылы» Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Кыргызстандын ички иштер органдарын курал-жарак менен камсыздап жатканына каршы экенин билдиришти. Бул тууралуу бүгүн Аксыдан кыймылдын мүчөлөрү «Азаттыкка» маалымдашты. «Энелер кыймылынын» курамында былтыркы Аксы окуясында курман болгондордун эже-карындаштары, туугандары бар. Кыргызстандын ички иштер органдарын колдоо боюнча ЕККУнун программасы быйыл август айында ишке киргизилди. Программанын чыр-чатактарга жана массалык баш-аламандыкка жол бербеш үчүн ички иштер кызматынын системасын чыңдоо долбоору талаш-тартыштарды пайда кылган. Анда ички иштер органдарынын техникалык жабдылышын жакшыртуу да каралган.

XS
SM
MD
LG