Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:42

Ош облусунун Каракулжа районунда жаңы курулган 7 айылдын аттары коюлду


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев «Жаңыдан курулган айылдардын аттарын ыйгаруу жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматы билдирди. Мыйзамга ылайык Ош облусунун Каракулжа районунда жаңыдан курулган жети айыл Сайталаа, Күйөөташ, Ичкесуу, Шаркыратма, Жылкол, Сарыташ жана Ынтымак деп аталды. Ушул эле күнү президент Жалалабад облусунун аймагындагы Шамалдысай айыл кеңешинин төрт айылынын аттарын өзгөртүү тууралуу жана Ош облусунун Эскиноокат айыл өкмөтүнүн базасында Ноокат шаарын түзүү тууралуу мыйзамга да кол койду. Мыйзамга ылайык Эскиноокат айыл кеңешинин депутаттары шаардык депутаттардын статусун алып, Ноокат шаардык кеңешин түзүшөт. Буга чейин Жалалабад облусуна караштуу Кочкората айыл кеңешине шаар статусу берилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG