Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитети президент А.Акаевдин кийинки шайлоого катышуусуна байланыштуу маселени карады


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети президент Аскар Акаевдин кийинки мөөнөткө президенттик шайлоого катышууга укугу жоктугун дагы бир жолу тастыктады. «Бул да мыйзамсыз мөөнөт, бирок ал да бүтүп баратат», - деди комитеттин төрагасы Абсамат Масалиев. Мамлекеттик түзүлүш маселелери боюнча комитет бул маселени палатанын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин тапшырмасы боюнча депутат Дүйшөнкул Чотоновдун суроосуна байланыштуу карады. Депутат Д. Чотонов болсо өз суроосун шайлоочулардын өтүнүчү менен төрагага жолдогон. Президент А. Акаев буга чейин кийинки президентик шайлоого катышпай тургандыгын расмий түрдө билдирген.

XS
SM
MD
LG