Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Чеченстанда президенттик шайлоодон эки талапкер чыгып калды


Чеченстандын Жогорку соту президенттик шайлоодон талапкер Малик Сайдуллаевди четтетүү тууралуу чечим кабыл алды. Сот ошону менен президенттикке дагы бир талапкер Николай Пайзуллаевдин Сайдуллаевди каттоо документтери туура эмес толтурулгандыгы жөнүндөгү арызын канааттандырды. Шайлоодон чыгып калган Сайдуллаев Орусиянын Жогорку сотуна апелляциялык арыз жолдоорун билдирди. Анын алдында Чеченстандагы президенттик кызмат үчүн ат салышкан таанымал саясатчы, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын мүчөсү Асламбек Аслаханов талапкерликтен баш тартканын жарыялаган. Байкоочулар 5-октябрдагы шайлоодо Чеченстандын Москва колдогон жетекчиси Ахмат Кадыров жеңээри алдын ала чечилген маселе болуп калганын айтып жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG