Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Эл аралык коомчулук Швециянын тышкы иштер министри Анна Линддин бейажал өлүмү жөнүндөгү кабарды терең кайгыруу менен кабыл алды


Шаршембиде кечинде Стокгольмдогу дүкөндө белгисиз адам бычактап кеткен Линд айым кечээ эртең менен ооруканада көз жумган. Дүйнөнүн алдыңкы лидерлери Швециянын тышкы иштер министрин мыкты саясатчы, кесипкөй дипломат, мээримдүү жубай жана эки баланын энеси катары эскерип жатышат. Анна Линдге кол салган кылмышкер табыла элек, бейшембиде Стокгольмдун полициясы бала бакчадагы беш жашар кызды да белгисиз адам бычактап кеткенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG