Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

Швецияда Анна Линдди өлтүргөн кылмышкерди издөөдө уланууда


Полиция бул ишке байланыштуу жергиликтүү бир наркоман кармалыптыр деген маалыматты бүгүн төгүнгө чыгарды. Шаршемби күнү белгисиз бирөө борбордук дүкөндөрдүн биринде тышкы иштер министри Анна Линдге бир нече ирет бычак сайып кеткен эле. Линд ооруканага жеткирилип, оор жаратынан кечээ эрте менен көз жумду. Кылмыштын жүйөөсү белгисиз, бирок бир нече күн мурда Линд интернет аркылуу опузалаган кат алганы айтылууда. Полиция кылмышкердин изине түшкөнгө жардамдаша турган бир нече таныктарды тапты. Швецияда жекшемби күнү бирдиктүү европалык валюта зонасына кошулуу маселеси боюнча референдум өткөрүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG