Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Ливиядан эл аралык санкциялар алынды


ООНдун Коопсуздук Кеңеши бүгүн бир добуштан ушундай резолюция кабыл алынды. Ливия 1988-жылы Шотландиянын Локерби шаарына чукул жерде америкалык самолетто жарылган бомбадан курман болгон 270 жүргүнчү үчүн он миллион доллардан кун төлөп бергенге макул болгон эле. Бирок резолюцияга Франция каршы болуп, 1989-жылдагы ушундай эле террордук акция үчүн да компенсация талап кылган. Аталган окуя маалында Нигердин үстүндө француз авиакомпаниясынын самолету жарылып, 170 киши набыт кеткен. Ливия кечээ Франциянын талабын да аткарганга макул болду. Ушундан соң Ливиядан санкцияларды алуу жөнүндөгү резолюция Коопсуздук Кеңешинде текши колдоого ээ болду.

XS
SM
MD
LG