Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Кошмо Штаттары Иракта бардык ишти ООНдун карамагына бере албайт


Муну бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кайрадан бышыктады. ООН азырынча мындай озуйпага даяр эмес, деп айтты америкалык дипломатиянын башчысы немец телеканалдарынын бирине берген интервьюсунда. Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн тышкы иштер министрлери эртең Женевада Вашингтондун Ирак боюнча жаңы резолюциясынын долбоорун талкуулашат. Документте Иракка эл аралык бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу сунуш кылынган. Франция, Россия жана Кытай ирактыктардын өзүнө жана ООНго кеңири укуктар берилиши керек деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG