Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Башкы прокуратурада салык төлөмдөрүн, бюджеттик ссудаларды жана чет элдик гранттарды төлөө маселелери каралды


БИШКЕК. Өлкөнүн Башкы прокуратурасында Улуттук коопсуздук кызматынын, укук коргоо органдарынын, Финансы министрлигинин жана карызга баткан мекемелердин өкүлдөрү катышкан жыйын болду. Анда төлөө мөөнөтү өтүп кеткен салык төлөмдөрүн, бюджеттик ссудаларды, чет элдик гранттарды мамлекетке төлөтүү маселелери каралды. Бул тууралуу бүгүн Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Жыйналышта Каржы министрлигинин Киреше боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев өлкөдөгү төлөмдөр боюнча жалпы маалымат берип, быйыл 516 салык төлөөчүнүн мүлктүк эсебин алыш үчүн каттоо жүргүзгөндө мүлк эсебинин суммасы 293 млн. сомду түзгөнүн билдирди. Административдик жоопко 2093 мекеменин жетекчилери жана башкы бухгалтерлери тартылып, 1 млн. 900 миң сомдук айып төлөмүнүн 1 млн. 100 миңи мамлекеттик казынага түшкөн.

XS
SM
MD
LG