Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

Тышкы иштер министрлиги быйылкы 8 айда жасаган иштеринин жыйынтыгын чыгарды


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган «ачык эшик күнүн» өткөрдү. Ага Кыргызстандагы бардык өлкөлөрдүн элчилери катышты. Жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков сөз сүйлөп, министрликтин быйылкы аткарган иштерине токтолду. Анын айтымында, Кыргызстандын тышкы саясаты ийгиликтүү болуп, өлкө Борбор Азиядагы коопсуздукту сактоого активдүү катышып, Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы байланыштарга зор салым кошкон. Ал 2-октябрда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө «Кыргызстан күндөрү» өтөөрүн билдирди. Ушу тапта Кыргызстан 150 мамлекет менен элчилик байланышта. Чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 19 элчилиги жана 4 башкы консулдугу бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG