Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ ПЕНСИОНЕРЛЕРДИН АКЧАСЫН ЖЕП АТАБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек “Социалдык фонддо мыйзам бузуулар болуп жатат» деп жазган Михаил Корсунскийди өкмөт башчысы Николай Танаев сотко бергени дайын. «Премьер-министрдин бул ишке тиешеси бар го деп ойлойм» деген сүйлөмү үчүн М. Корсунский сот чечимине ылайык 5 миң сом айып төлөгөнгө мажбур. Бирок кеп анда эмес. Социалдык фонд менен Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоо кеңеши чындап эле калктын карылыкка топтоп аткан акчасын дайынсыз жакка жоготуп атабы?

“Акыркы 4 жыл ичинде 2 млрд. сом кары-картаңдар менен иштеп аткан салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн мыйзамсыз алынды”. Михаил Корсунский “Моя столица” гезитине ушул жылдын 2-апрелинде жазган макаласында кыргыз өкмөтүнө ушундай айып таккан. Бул ардагер “өз болочок пенсиясын топтоп аткандардын каражаты Кыргызстандын Соцфондунда туура эмес эсептелип, жеке эсепке акча кем түшүп атат” деген ойдо. М.Корсунскийдин колунда Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча байкоо кеңешинин чогулуштарынын документтери бар экен. Учурда кары-картаңдар кийинки муундун эсебинен пенсия алып атканы жашыруун сыр эмес. Кыргызстан өз пенсиясын өзү топтоо системасына эми гана кадам таштап отурат. Адистердин айтымында, ал турмушка ашкыча дагы далай жылдар өтөт. Азырынча Соцфонддун компьютерлериндеги жеке эсепке түшүп аткан каражаттар кагаз гана жүзүндө. Айлыктан жана жумуш берүүчүнүн капчыгынан кетип аткан социалдык төлөмдөр СССРдин тушунда эмгектенген кары-картаңдардын пенсиясына жумшалууда. Корсунскийдин айтымында, кыргыз өкмөтү эл ак эмгеги менен иштеп таап, пенсиясы үчүн Соцфондго которгон акчаны тымызын азайтып келет.

- Мен өз макаламда өкмөткө жана Соцфондга чоң айып таккам. Бирок Николай Танаев эмнегедир доо арызында ал тууралуу мага күнөө такпайт. Ал өзүн сот аркылуу коргой алды. Бирок, өкмөт менен Соцфонддун акчаны мыйзамсыз жол менен бөлүштүрүп атканын жокко да чыгара алган жок, - дейт Михаил Корсунский.

Соцфонддун жетекчилиги бул дооматка каршы. Михаил Корсунский өз жүйөлөрүн айтып, Соцфонддун төрагасынын орун басары Орозмат Абдыкалыковго бир нече жолу кайрылган. Пенсионердин каттарына жооп болгон эмес. Абдыкалыков мырза бир жолу кабыл алып, М.Корсунскийге бул ыкманы кичүүлөрдүн улуу муун үчүн жасап аткан жакшылыгы катары түшүндүргөн. Корсунский болсо Соцфонддун ушул жетекчилиги тез арада кызматтан кетишин кеңеш кылып чыгып кеткен. Соцфонддун төрагасы Акматбек Келдибеков бул жерде эч кандай коррупция же мыйзам бузуу жок деп эсептейт.

- Корсунский менен бир нече жолу жолугуп сүйлөшкөм. Ал азыркы чогулуп аткан акчаны кары-картаңдарга берүүгө каршы болуп атат. Бул деген мыйзам жолу менен атайын тилектештик үчүн жасалууда. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин карыларын да бага билиши керек. Карыларыбыздын күнөөсү жок. Совет мезгилинде алар да иштеп, пенсиясына акча топтошкон, - дейт Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны “2003-жылга карата камсыздоо алымдарынын тарифтери тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизди. Ага ылайык Кыргызстанга келип иштеп аткан чет элдик атуулдардын социалдык төлөмдөрү азыркы карылардын пенсиясына коройт. Чет элдиктер биякта карыбагандан кийин, бул туура эле чечим болгондой. Ал эми кыргызстандыктардын келечек жылдарга топтогон каражаты кайра өзүнө тиерине шектенгендер бар. Айлыктан Соцфондго которулган акчасы банкта сакталуу турбасы анык. Топтогон акчасы жада калса кагазда да жылдан-жылга азайып баратканына Жогорку Кеңештин депутаты Алевтина Проненко кабатыр. Анын айтымында, Михаил Корсунскийдин айтканында калет жок. Проненконун пикиринде, кыргыз өкмөтү 1999-жылдан бери салык төлөөчүлөрдөн пенсия үчүн топтоп аткан акча мыйзамсыз жол менен тымызын азайтылууда. Мамлекеттик камсыздандыруу боюнча байкоо кеңеши ойлоп тапкан актуардык коэффициентке жараша айлыктан пенсияга деп бөлүнгөн каражат бир кыйла азаят. Проненконун айтымында, мыйзам жогоруда сөз болуп аткан ыкмага жол бере элек. Ан үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.

Премьер-министр Николай Танаев бул сот ишинде жеңип чыкты. 1999-жылы Борис Силаев вице-премьер-министр болуп турганда жол салган ишти Николай Танаев улантууда. Өкмөт башчысы “пенсионерлердин акчасын дайынсыз жоготкон мен эмес” деп өзүн сотто коргой алды. Ал эми коомчулукта “Соцфонддо болочок пенсияга жөнөтүлгөн каражат өз орду менен пайдаланылып жатабы?” деген бүдөмүк ой кала берди.

XS
SM
MD
LG