Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

ООГАНСТАН УЛУТТУК БААТЫРЫН ЭСКЕРҮҮДӨ


Баян Жумакадыр кызы, Прага http://gdb.rferl.org/773E9C3D-0574-4B20-9690-DFFC37A5DD50_w203.jpg Бул күндөрү ооган коомчулугу мындан эки жыл мурда киши колдуу болуп өлгөн аскер башчы Ахмад Шах Массудду эскерүүдө. Кабулдун борбордук стадионунда өлкөнүн президенти Хамид Карзай баш болгон миңдеген кишилер чогулуп, аскер башчыны элдин эркиндиги үчүн өмүрүн берген баатыр катары даңазалашты.

Ооганстандын шаар-кыштактарында Түндүк Альянстын кол башчысы Шах Масуддун арбайына багышталып куран окулуп, аны эскерүү митингдери өткөрүлдү. Маркумду эскерүү жөрөлгөлөрү анын туулуп өскөн Жаңгалак кыштагында жана Кабулда өткөрүлдү. Масуд киши колдуу болуп курман болгон 9-сентябрда Кабулдун стадионунда президент Хамид Карзайдын жана Ахмад Шах Масуддун жалгыз уулу 14-жашар Масуддун катышуусу менен чоң митинг өткөрүлдү.
Эскерүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө президент Хамид Карзай мындай деп билдирди.

"Биз террорчулукка, советтик баскынчылык менен чет элдик агрессияга каршы күрөшүп, шейит кеткен эр жүрөк Масуд менен сыймыктанууга тийишбиз!"

Аземде Ахмад Шах Масуддун уулу да сөз алып, бул күнү кайрадан мекендештеринин арасында болгонуна чексиз курсант болуп тургандыгын айтты:

- Мен өзүмдүн эр жүрөк согушкер элимдин ичинде турганыма чексиз сыймыктанам. Бүгүнкү күн биз үчүн ыйык болгон нерселерди эскерүү күнү.

Ыктымал боло турган кол салуудан чочулашкан туугандары Масуддун уулун азыр чет элде жана Ооганстандын белгисиз аймактарында кармашат.

Эл ичинде "Панжширдин арстаны" деген даңазалуу атка конгон Массудду ал күнү көптөгөн саясатчылар менен карапайым оогандар жылуу сөздөр жана чын ыкластан сыймыктануу менен эскерип жатышты. Чет элдик журналисттер иш билги кол башчылыкты лирикалык жана патриоттук ырларды жазуу менен айкалыштыра алган Ахмад Шах Масудду калк терең урматтаарына күбө болушту. “Азаттыктын” кабарчысы менен сүйлөшкөн Мохед деген кабулдук киши:

"Ал мыкты адам эле. Ооганстандын чыныгы баатыры болгон. Биз аны абдан жакшы көрчүбүз. Мен ал каза болгондо үй бүлөөм менен Иранда турчумун. Анын өлгөнүн телевизордон укканымда абдан кейип, ыйлагамын", - деп эскерет.

Ал эми Кабулда майда соода менен күн көргөн 19 жаштагы Кахар: "Ал өлкөбүздү боштондукка чыгарып, элдин тынч жашоосун каалаган. Ал оогандардын бактылуу жана бейпил өмүр сүрүүсү үчүн күрөшкөн!" - деп айтты.

Генерал Ахмад Шах Масуд тележурналисттердин кейпин кийген эки жан кечти террорчунун колунан курман болгон. Камерага орнотулган бомбанын жарылуусунан Шах Масуд жана аны менен террорчулардын бири кошо өлгөн. Кол салгандардын бирөө тирүү калып, качканга үлгүргөн. Бирок көп өтпөй атылып өлгөн. Кол салган адамдар “ал-Кайида” террордук уюму менен байланышы бар болгону болжолдонот. Көптөгөн байкоочулар “ал-кайедачылардын” бул киши өлтүрүүсү 11-сентябрда Нью-Йорк менен Вашингтонго жасалган террордук чабуулдардын башаты болгондугун айтышат.

Серепчилердин болжолунда, Ооганстандагы күнү бүтүп баратканын түшүнгөн террорчулардын ана башчысы Усама бин Ладен Масудду жок кылуу менен түндүк альянстын аскерлерин аз да болсо алагды кылып, убакыт утканга үмүттөгөн. Бин Ладендин үмүтү чын эле акталгандыр, бирок Шах Масуддун өлүмү аны араздаш жана атаандаш топтун командирлигинен оогандардын, жок эле дегенде пуштун эмес оогандардын, баатыры даражасына көтөрдү.

Ахмад Шах Масудду баардык оогандар кылка бирдей урматтайт, деп айтканга болбойт. Өлкөнүн пуштун улутундагы калкы, айрыкча, Ооганстандын түштүгүндө отурукташкан эл аны бүткүл оогандардын баатыры деш эмес деп эсептейт. Алар улуту пуштун президент Карзайды сынга алып, Масуд жана анын тарапкерлеринен обочолонбогондугу үчүн жактырбай келишет.

Масуд жөнүндөгү мындай карама-каршылыктуу пикирге аскер командиринин өмүрү жана иши менен байланыштуу тана алгыс факттар негиз берет. Анын аскерлери жүздөгөн хазараларды кырганга катышкан. 90-жылдарда Масуддун жоокерлери Кабулдун ири аймактарын кыйратып кетишкен. Бирок ошону менен бирге Масуддун бирдиктүү, бөлүнгүс Ооганстан жөнүндөгү мүдөөсү азыркы өлкө өкмөтүндө тажик улуттук азчылыгынын позициясынын бекемделишине өбөлгө түзгөн.

XS
SM
MD
LG