Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

БАЛБАНДАР, АМЕРИКАГА БАРГАНДАР


11-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Дүйнө жүзүнөн тандалган балбандар мындан 2 жыл мурда терроризм актысынан курман болгондорду эскеришип, спорт – тынчтыктын элчиси экендигин айгинелешти. Бул дүйнөлүк таймашка Кыргызстандан тандалган балбандар да катышууда.

Кыргызстан эгемендүү болгондон бери Азия, дүйнө чемпионаттарында кыргыз туусу көтөрүлүп, балбандарга жол ачылды. Кыргызстандын тарыхында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында мөрөй алып, өлкөнү тааныткан Европанын, СССРдин чемпиону Кенжебек Өмүралиев болгон. Ал 1994-жылы Стамбулда өткөн дүйнөлүк таймашта коло медаль жеңип, мыкты балбандардын сабында турган. Союз учурунда Кенжебектин багы байланып, Барселона Олимпиадасына жиберилбей, СССРдин спорт жетекчилери бут тосуп келишкен. Эми болсо ошол даңазалуу балбан Кенжебек Өмүралиев өлкөнүн тандалма командасынын башкы машыктыруучусу катары Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында башталган дүйнө чемпионатына Кыргызстандын командасын даярдап, шакирттерин баштап барды.

Чынында кыргызстандык эркин күрөшчүлөр жаштар жана өспүрүмдөр арасында гана дүйнөлүк биринчиликтерде баш байгени уткан учурлар болгон. Ташкенде өткөн дүйнөлүк жаштар таймашуусунда Надырбек уулу Улан кыргыз өңүн таанытып, алтын медаль тагынган. Дүйнөлүк уландар арасындагы биринчиликтерде Табылды уулу Сүймөнкул, Нурдин Дөңбаев байгелүү орундарга жетишкен. Ал эми чоңдор арасында «XX кылымдын эң мыкты балбаны” аталган Кенжебек Өмүралиевдин жолун жолдогондор азырынча чыга элек. Бирок үмүт жандыргандар бар, себеби эркин күрөш кыргыздын каны-жанына сиңип, муундан-муунга мурас болуп келген спорттун түрү десек жарашат.

Нью-Йоркто бул эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты былтыр болмок. Тилекке каршы бул жерде кайгылуу кырсык болгондон кийин дүйнөлүк биринчилик былтыр Болгарияда өткөрүлгөн. Ошондуктан Дүйнөлүк күрөш федерациясы 11-сентябрдагы терроризм актысында курман болгондорду эскерүү жана терроризмге дүйнө балбандары каршы экендигин билдирүү максатында быйылкы чемпионаттын ачылышын 11-сентябрда өткөрдү. Кырсыктан курман болгондорду эскерүү акциясына Кыргызстандын командасы да катышты. Нью-Йорктогу бул дүйнөлүк таймашка Кыргызстандын командасын өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев менен Кыргызстандын Эркин күрөш федерациясынын жетекчиси Мурат Саралинов баштап барышты. Бул дүйнөлүк чемпионаттын эң бир өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы – мында мыкты ийгиликтерге жеткен балбандарга 2004-жылы Афинaда өтчү жайкы Олимпиадалык оюндарга катышууга жолдомолор берилет. Ошондуктан тагдырын сынаш үчүн бул таймашка дүйнөнүн «мен кыйын» деген мыктылары чогулду. Кыргызстандын намысын Нью-Йорктогу дүйнө чемпионатында кимдер коргоп жатканын СССРге жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, Күрөш боюнча олимпиадалык резерв спорт мектебинин директору Жеңиш Дөңбаев мындайча баяндады:

- Балдар бүгүн таразадан өтүп коюшту. Мурда таразага айрым салмак категориялары гана түшүп, кийинкилери эртеси түшчү. Нью-Йоркто болсо күрөш залы абдан чоң болгондуктан, баары бир мезгилде таразага түшүштү. Мен сизге интерью берип жатканда балдар эс алып уктап жатышат. Ал жакта биз менен 12 саат айырма болгондуктан, биздеги убакыт боюнча кечки 9-10до, аларда эртең мененки 9-10 болгондо мелдеш башталат. Кыргызстандын намысын коргоп жаткан балбандар жөнүндө айтсак, 55 кг. салмакта Нурдин Дөңбаев, 60 кг. боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону Надырбек уулу Улан, 66 кг. салмакта Табалды уулу Сүймөнкул, 74тө Жекшенов Талант деген балбаныбыз, 84 кг. салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Алмаз Эргешов - мына ушул 5 балбан эркектер арасында биздин өлкөнүн намысын коргоп жатышат. Ал эми кыз-келиндер арасында дүйнөлүк чемпионатка жеңил салмакта Альфия Зайнулина, орто салмакта Расулова-Нурсалова барса, 74 кг. салмакта Азиянын чемпионатында күмүш, коло байге уткан, XIV Азия оюндарынын коло медаль ээси Янна Панова барып, мөрөй талашууда.

Кызыгы - Кыргызстандын тандалма балбандары көптөн бери даярдык көрүп, океандын ары жагындагы алыскы АКШга чоң үмүт менен барганда аз жерден кайра артка кайтмак болуп, дүйнө чемпионатына катышпай кала жаздашты. Себеби, Бүткүл дүйнөлүк күрөш федерациясына Кыргызстандын Эркин жана грек-рим күрөш федерациясы мүчөлүк акыны өз убагында төлөбөй, карыз болуп келген. Бул мүчөлүк акыны төлөбөсө, дүйнөлүк таймашка катышуу укугунан ажырап калышат. Мындай айла кеткен кырдаалдан Кыргызстандын командасын өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев чыгарып, анын жардамы менен Кыргызстан мүчөлүк акысын төлөп, дүйнөлүк таймашка катышууга укук алды. Бул маселени дүйнө чемпионатына чейин эле өлкөнүн Эркин күрөш федерациясынын президенти Мурат Саралинов баш болгон жетекчилер чечип коюшу керек эле.

Мындан тышкары, бул дүйнөлүк таймашууга 96 кг. салмакта XIV Азия оюндарынын күмүш байге ээси Алексей Крупняков катышкан жок. Себеби, ал машыгуу учурунда бутун кокустатып алып, Америкага барбай калды. Ал барганда байгеге илинип, Олимпиадага жолдомо алып келиши мүмкүн эле. Дагы бир өкүнүчтүү жагдай - кыздар арасында Кыргызстандагы эң мыкты балбан кыз Жылдыз Эшимовага АКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза бербей, ал дагы дүйнөлүк таймашууга бара албады. Мындан мурда Индияда өткөн Азия чемпионатына да машыктыруучулардын күнөөсү боюнча Жылдыз катышпай арманда калган. Эгерде ушундай көрүнүштөр дагы кайталана берсе, анда кыргыз жергесинде кыздардын эркин күрөш командасынын катары суюлуп кетиши мүмкүн.

Америка Кошмо Штаттарында өтүп жаткан дүйнөлүк таймашууга Кыргызстандын эл аралык экстра-класстагы калысы Кочкорбек Кулматов да катышып, калыстык кылууда. Кыргызстандык спорт күйөрмандары АКШга кулак түрүп турган учуру.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG