Өнөктөш эки өлкө Ирактын түндүгүндө жайгашкан түркиялык күрт козголоңчуларына каршы биргелешкен аракеттер планын макулдашышты. Бул тууралуу Анкарага барган АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Линн Паскуа билдирип, ал пландын жол-жоболорун чечмелөөдөн баш тартты. Анын алдында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган ушул айдын аягында өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңеши өткөндөн кийин өкмөт Иракка аскерлерди жиберүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн деп маалымдаган.