Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Швейцарияда Ирактын келечегин талкуулаган жыйын өтөт


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө - беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери бүгүн Женевада чогулуп, Ирактын келечегин талкуулашат. АКШ, Орусия, Франция, Кытай жана Британиянын министрлери Иракка көп улуттуу күчтөрдү жайгаштырып, өлкөнү калыбына келтирүүгө кошумча каражат тартуу жөнүндөгү Вашингтон сунуш кылган жаңы резолюция долбоорун караштырышат. Жыйынга Бириккен улуттардын башкы катчысы Кофи Аннандын катышаары күтүлүүдө. Швейцарияга алгачкылардан болуп учуп келген АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл келээрки айдан кечикпей Багдаддагы бийликтин баарын Ирактын өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндөгү Франциянын сунушун ишке ашыруу мүмкүн эмес деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG