Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

АКШ КЫРГЫЗСТАНГА КАБАТЫР


Чолпон Орозобекова, Бишкек АКШнын Мамлекеттик департаментинин Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросунун жетекчиси, мамлекеттик катчынын жардамчысы Лорн Крейнер 9-сентябрда конгресстин Хельсинки комиссиясында Кыргызстанды сынга алды. Кошмо Штаттар буга чейин да Кыргызстандын жетекчилигине демократиялык принциптерден тайыган учурлары үчүн сын айткан күндөрү болгон. Бу жолу Мамлекеттик департамент Кыргызстандагы тагдыры тайкы эркин гезиттер, оппозиция лидерлеринин куугунтукталышы жана Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүн жазалабаган кыргыз бийлиги тууралуу сөз козгоду.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин бул таасирдүү чиновнигинин айтымында, Вашингтон дале болсо Кыргызстандагы абалга тынчсызданып карайт. Лорн Крейнердин сөзүнө караганда, быйылкы референдум Кыргызстанда демократиянын жетишкендиктерине шек келтирди. АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы “Кыргызстан ЕККУга регламент белгилеген убакта кайрылбаганынан улам референдумга эл аралык байкоочулар катыша албай калды. Ал эми референдум берген жемиштер өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышынын начарлашына алып келди”, деп эсептейт.

“Америка Аскар Акаевдин “2005-жылы президенттик ат салышууга катышпайм” деген чечимин колдойт. Ошондой эле биз Кыргызстанда бийлик демократиялык шайлоо аркылуу тынч алмашаарына үмүттөнөбүз”,- дейт Лорн Крейнер.

Аскар Акаев “2005-жылы бийликтен кетем” деп бир нече ирет айткандай болду. Кыргыз коомчулугунда алдыдагы президенттик шайлоого карата ар кандай божомолдор бар. Бири “Аскар Акаев учурда өз кишилеринин ичинен “мураскор” издеп атат” десе, дагы бири мамлекет башчысы коңшу Казакстандын жана Өзбекстандын президенттеринен үлгү алаарын айтып келишет. Кыргызстандагы бийлик алмашууга Кризистердин алдын алуу боюнча эл аралык топ да өз тынчсыздануусун билдирген эле. Бул эл аралык уюм 2005-жылы президент ачык-айкын шайлоого шарт түзбөсө, өлкөдөгү бийлик алмашуу зордук-зомбулук менен коштолоорун эскертти.

Америкалык тарап айрыкча Аксы окуясына күнөөкөрлөрдүн жазасыз калышына кабатырлангандай. “Алты адамды атып салганы үчүн 4 тартип сактоо кызматкерине сот өкүм чыгарганда ыраазы болдук эле. Кийин тагылган айып кайра алынып салынганын угуп, кабатыр болдук. Бул трагедиялуу окуя мыйзам жолунда чечилиши керек”, - дейт Лорн Крейнер. АКШнын Мамдепартаментинин мындай сын-пикирин Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр кубаттап кабыл алды. “КДК” партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев Лорн Крейнердин сөздөрүнө толук кошулат.

- АКШнын жетекчилиги кайсы бир мамлекет тууралуу айтыштан мурун абдан терең иликтеп, фактыларга таянып, анан сүйлөйт, - дейт Жыпар Жекшеев. - Мындай чоң мамлекеттер жасаган кайрылуулар чоң саясий мааниге ээ. Мамлекеттик департаменттин чыгарган жыйынтыктарына толук кошулам. Эмне, бизде эркин гезиттер куугунтук жеген жокпу? Ф. Кулов түрмөдө кандай себептен улам жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Аксы окуясында эч ким жазаланбаганы бийликтин толук күнөөлүү экенин ого бетер далилдеп койду.

Андан ары АКШнын Мамдепартаменти биринин артынан бири жапа чегип, жан сактап калыш үчүн күрөшүп аткан эркин гезиттер тууралуу сөз улайт. Кыргызстанда бийликке акаарат айткан маалымат каражаттарынын ити чөп жебей, үстүн кара булут каптаганын айтат. Бирок «Кыргызстанда сөз эркиндигине бийлик тарабынан басым бар» дегенге макул болбогондор да жолугат. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев ушундай ойго каршы.

- АКШнын Мамлекеттик департаментинин сөз эркиндиги боюнча айткандарына макул эмесмин. Көз карандысыз гезиттерге эч кандай басым жасалган жок. Менимче мындай бүтүм маалыматтын жетишсиздигинен жана кырдаал боюнча бир жактуу гана маалыматтардан улам келип чыккан деп ойлойм. Кыргызстандын жетекчилиги деле журналисттерди сотко берүү фактыларын азайтууга аракет көрүп аткан кези. Ал эми “сот аркылуу гезиттерди жабуу аракети бар” деген ойлорго да кошулбайм, - дейт президенттин басма сөз катчысы.

Кыргызстандагы демократиялык жышаандар, алардын күңгөй-тескейи жөнүндө сырттан көп ойлор айтылып жүрөт. Жакында эле “Чек арасыз репортерлор” аттуу эл аралык уюм 139 мамлекеттеги сөз эркиндигинин абалын иликтеген. Журналисттердин бийликтен көз карандысыздыгы боюнча Кыргызстан 98-орунда. Бирок соңку кезде кыргыз бийлиги мындай сырттан айтылган сындарды тыңдабай жана эске албай калган өңдүү. Ошол эле учурда коомчулукта “Американын таасири сөз жүзүндө гана калууда” деген пикирлер айтылып жүрөт. “Акыйкат жана прогресс” саясий партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков “АКШнын жетекчилиги айтып тим калбай, конкреттүү бир кеңештерди айтса” деген ойдо.

- АКШ өңдүү Батыш мамлекеттери көп учурда туура айтышат. Бирок айтып койгону башка кеп. Кээде айтканы башка, ал эми жасаганы башка болуп атпайбы. Эгер чындап эле Кыргызстандагы абалды оңдогусу келсе, өлкөнүн жетекчилигине конкреттүү сунуштарды айтып, шарттарды коюшу керек. Дал ушул багыттагы саясатты жүргүзсө гана биздин өлкөдө бирдеме өзгөрөт, - - дейт Ишенбай Абдуразаков.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Лорн Крейнер мырза сөз арасында Феликс Куловду да айтып өттү. Куловго коюлуп аткан дооматтар элден мурун саясий мүнөзгө ээ экенине Америка ишенет. “Арнамыс” партиясы өз лидери камалганда “аны темир тордон куткаруу АКШ өңдүү чоң державалардын колунан келет” деген үмүт менен жашаган. Мадлен Олбрайт айым Бишкекке келгенде Куловдун бошотулушун талап кылган пикетчилер милициянын кат-кат тосмосуна карабай, АКШнын мамлекеттик катчысынын жолун тосуп чыгышкан. Андан бери 2 жыл өттү.

XS
SM
MD
LG