Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

КЫРГЫЗСТАНДА ОКУУ КИТЕПТЕРИ ЖЕТИШТҮҮБҮ?


Кыргызстанда мектеп окуучуларын окуу китептери менен камсыз кылууда бир топ кемчиликтер байкалат. Азыр Кыргызстанда 70 типографиялык басма иштеп, быйылкы жылы 25 аталыштагы окуу китептери 8 миңден 30 миңге чейинки нуска менен жарык көрдү. Ал эми окуучулардын саны 1 млн. 200 миңден ашуун болуп, 10 балага 1ден китеп туура келип отурат.

Билим берүү жана маданият министрлигинин августтагы кеңешмесинде “өлкөдө окуу китептери менен камсыздоо 63,64% аткарылды” деген маалымат берилген. Буга 30 жыл бою китеп чыгаруу тармагында эмгектенген адис, «Кыргызстан» басма үйүнүн башкы редактору, «Акыл» акционердик коомунун төрагасынын орун басары Мелис Абакиров мырза макул эмес. Ал министрликтин эсебинде мектеп китепканаларында 20 жылдан бери турган көркөм китептер, усулдук китептер, эски программадагы китептер кошо саналганын айтып, жаңы программадагы китептер менен камсыздоо 20% гана аткарылганын билдирди. Анын айтымында, былтыр мектеп курагындагы балдар үчүн 2 гана аталыштагы көркөм китеп 120 миң нуска менен чыгып, 1000 балага 1 гана көркөм китеп туура келет.

- Ошондуктан ачык эле айтыш керек, канча китеп чыгып, канча китеп чыкпай жатканын. “Балдарыңар билимдүү болсун десеңер, окуу куралдары менен камсыздагыла” деп ата-энелерге да талап коюш керек, биринчиден. Экинчиден, окуу китептери менен камсыздоо улуттук деңгээлдеги саясатты талап кылат. Ал саясат эмнеден турат? Ал үчүн мамлекеттик колдоо болушу керек. Ал колдоо - жеңилдетилген кредиттер, субсидиялар, дотациялар. Окуу китептерин чыгарууда кошумча салыктарды алып ташташ керек. Мисалы, бизден башка мурдагы Союздук республикаларда салыктар алынып салынган. Өзбекстанда башталгыч класстардын китептери бекер таркатылат, - деди Абакиров мырза.

Айрыкча мектепти жаңы аттаган жеткинчектердин «Алиппе» китебинин жетишпегени өкүнүчтүү. Адистердин маалыматы боюнча, 10-20 бала 1 «Алиппе» китебин окуган мектептер да бар.

- Жалпыга милдеттүү орто билим берүү талабын да айталбай калдык, - дейт Мелис Абакиров. - Жүрүп отуруп 8 жылдык билимге, «башталгыч билим» дегенге өтүп, анан «билимдин эмне кереги бар» дегенге өтөбүзбү деп корком. Айрыкча шайлоо учурларында депутаттар, дагы башка чиновниктер «мектептерге компьютер таратты» деп калышат. Алиппеси жок, тамга тааныбаган балдарга компьютердин канчалык зарылдыгы бар? Учурдагы абалды өкмөттүк чиновниктер жакшы эле түшүнүшөт. Бирок бул маселени чечүүнүн кереги жок аларга. Себеби алардын балдары кыргыз мектептерде окушпайт. Алардын балдары орус, англис лицейлеринде, чет өлкөлөрдө, бери жагы Орусиянын, ары жагы болсо Оксфорд, Кембридж университеттеринин алдындагы лицейлерде окушат. Биздин чиновниктер үчүн кыргыз тилинде китеп чыгаруу керек эмес. Эртең башка муун келет. Алар жөнүндө ойлошубуз керек. Бул маселе улуттук, мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе экенин ойлонууга мезгил жетти. Мындан кийин кеч болуп калышы да ыктымал.
XS
SM
MD
LG