Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

«ЖЕГИЧ» ГЕНЕРАЛДАР, МЭР БОЛЧУ ТАЛАПКЕРЛЕР, АКАЕВ МЕНЕН ЖАШЫРУУН МАКУЛДАШУУ, КЫРГЫЗГА КҮЙГӨН ЖАПОН, МЫЙЗАМ БУЗГАН БИЙЛИК


12-сентябрда чыккан басылмаларда «жегич» генералдардын жосунсуз жоруктары, Бишкек шаарынын башчылыгына талапкерлер, Акаев менен жашыруун макулдашкан Акыйкатчы, оппозициялык маанайдагы партиялардын биригер-бирикпеси, кыргыз тилине, дилине күйгөн жапон жигити тууралуу жана башка макалалар жарыяланды.

12-сентябрда жарык көргөн «Кыргыз руху» гезитинде Калил Багыш мындай деп жазат: «Коргоо министри Эсен Топоевдин оорук боюнча орун басары Борис Полудонун жасаган махинациялары сенсация туудурган эле. Армиянын генерал-майорунун үстүнөн 1 жылдан ашык убакыт тергөө, сот процесси жүрүп, күнөөсү мойнуна коюлуп, 5 млн. сомдон ашык акча “жеп” койгону аныкталган. Анын кызматы, генералдык чини алынып, 13 жылга эркинен ажыратылган. Бирок арадан 2 ай өтпөй кыргыз армиясынын ооругунун таш-талканын чыгарган, жоокерлерди карандай сууга отургузган экс-генерал түрмөдөн бошоп чыгып кетти”. Журналист: «Экс-генерал Полудонун «крышасы» ким?» деген суроо коюп, өлкөдө сотко болгон ишенимдин жоголуп баратканын жазат.

«Кыргыз руху» басылмасынын баяндамачысы Нурлан Мотуев Кыргызстандагы түрмөлөрдү бириктирген Түзөтүп-жазалоо башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси генерал Бубелдин ишин сынга алып жазып чыкты. Мында автор «Бубель Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири экенин, түрмөдөгү түстүү металлдарды, чийкизатты сатып, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү менчиктеп алып, түрмөгө бөлүнгөн казынанын каражатын, кургак учуктан дарылоо үчүн берилген 3 млн. сомду «жеп» койгонун, пара алганын, соттолгондорду эркиндикке чыгарганын» жазат.

12-сентябрда «Бишкек таймс» гезитинин жаңы саны окурмандардын колуна тийди. Анда Бишкек шаарынын башчысы Медетбек Керимкуловдун бейнесине сүртүмдөр берилип, анын шаар ичинде көп иштерди жасаганы баяндалат. “Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 15-сентябрда шаардын мэрин шайлашат. Жабык түрдөгү шайлоо менен мэр 4 жылга шайланат. Бир адам 2 мөөнөттөн ашык шайланбайт. Азыркы Медетбек Керимкуловдун мэр болгонуна 1 мөөнөт болду. Дагы кимдер атаандаш болуп жатканы жөнүндө эч бир булактан маалымат айтылган жок», деп жазат «Бишкек Таймс» гезити. Азыркы мэр жөнүндө «Аалам» гезитинин 12-сентябрдагы санында Талас уулу Семетейдин макаласы да басылды.

Ал эми 12-сентябрдагы «Агым» гезити: «Мэрди эл шайлабайт, демек эл каалаган талапкер шаар бийлигине жакын арада келбейт. “Ак Үй” тарабынан күн мурунтан эсеп-чоту бычылган талапкерди Мисир Ашыркулов көрсөтүп, шаар кеңешинин депутаттары шайлап беришет. Айрым так эмес маалыматтарга караганда, “Аскар Салымбеков, Николай Танаев, Таштемир Айтбаев, Жантөрө Сатыбалдиев болот” деген имиш бар. Бирок эң эле шансы күчтүүсү - Аскар Чукутаевичтин баласы Бакыт Какеев менен азыркы мэр Медетбек Керимкулов», деп божомолдойт.

12-сентябрдагы «Агым» гезитинде Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу менен кабарчы Алишер Токсонбаев маектешет. Бул маегинде Турсунбай Бакир уулу «президент А. Акаев менен жашыруун макулдашуу болгонун, ага ылайык Кыргызстанда адам укугун одоно бузган аткаминерлер кызматынан айрылаарын» белгилейт.

12-сентябрдагы «Аалам» басылмасы партиялар бириге баштаганын жазып, “Эртең эмне болот?” деп суроо коет. Буга «Асаба» партиясынын төрагасы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров мындай дейт: «Учурда ар кандай саясий партиялар менен, ошол эле учурда кыймылга кирбеген күчтүү инсандар менен да сүйлөшүп жатабыз. Максатыбыз - чоң шайлоо блогун түзүү, ошол 75 округ боюнча «Кыргызстаным» деген мыкты 75 жигитти эл алдына алып чыгуу. Ал эми президенттик шайлоодо чарпылбастан, бир эле талапкерге токтолобуз». «Атамекен» партиясынын төрагасынын орун басары, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөнкул Чотоновдун пикири боюнча, «А. Акаев быйыл кышка чейин өкмөттү алмаштырып, өзүнүн мураскорун алып келбесе, көп нерседен уттуруп ийиши мүмкүн. Ошол эле учурда келе жаткан парламенттик шайлоого анын командасы алдын-ала даярдык көрө баштаганы айтпаса да түшүнүктүү».

Ушул эле «Аалам» басылмасында кыргызча сүйлөп, кыргызча жашап, жапончо кыялданган кыргыздын күйөө баласы Ито Хиронори менен журналист Элнура Кулуеванын маеги жарык көрдү. Кабарчынын “Мамлекеттик тил эмнеден аксап жатат?” деген суроосуна Ито Хиронори мырза мындайча жооп берген: «Тилди өнүктүрүүдө улуттук күчтүү идеология зарыл. 12 жыл ичинде байкаганым - жаштар, мамлекеттик жетекчилер орус тилине басым жасашат. Бир эле мисал келтирейин: президент А. Акаев Америкага, Японияга, Кореяга, Кытайга барганда президенттер менен болгон сүйлөшүүлөрдү өз тилинде жүргүзүшү керек. Мына ошондо тилдин статусу көтөрүлөт. Кыргыз тилинин өзүнчө философиясы бар”.

12-сентябрдагы «МСН» басылмасында Вячеслав Тимирбаев “бийлик өзү мыйзамдарды бузуп жатканын” жазат. Мында “өкмөт В. И. Лениндин эстелигин мыйзамды бузуу менен башка жерге которгону” сынга алынат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG