Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

МАМАТ АЙБАЛАЕВ: «ӨЗБЕКСТАН МОРАЛДЫК ЧЫГЫМДЫ ТӨЛӨБӨЙ ЖАТАТ»


Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш Баткен облусунда миграцияга, жумушсуздукка байланышкан маселелер, чек ара аймактарындагы өксүктөр кантип чечилип жатат? Баткен облусунун губернатору Мамат Айбалаев бул тууралуу биздин суроолорубузга жооп берди.

- Мамат мырза, жакында бир катар маалымат каражаттарында Кыргызстандын түштүк аймагынын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондорунда мыйзамсыз каттаган мигранттардын көбөйүп жатканы тууралуу маалымат тарады. «Бул социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүн» деген көз караштар да бар. Мындай маалыматка чек арага жакын жайгашкан региондун жетекчиси катары сиздин пикириңизди уксак дедик эле.

- Бизде Өзбекстандан, Тажикстандан келип иштегендердин саны эң аз. Мен бул маселеге өзүм кызыгып, көзөмөлдөп турам. Биздин өзүбүздө 9 миңге жакын киши ишсиз жүрөт. Алардын 5,5 миңине жумушсуздук боюнча жөлөк пул төлөнөт. Ошолорду иштете албай атып биз башка өлкөлөргө уруксат бербейбиз да. Облуста миграциялык башкармалык бар. Ал ай сайын эки-үч жолу барып, чектеш айылдардагы жагдайды иликтеп, текшерип турат.

- Бирок байкоочулар кыргызстандык фермерлерге, дыйкандарга жалданып иштеген тажик, өзбек атуулдарынын саны аз эмес экенин айтып жатышат. Чек арада жалданма жумушчулардын атайын базарлары бар экен…

- Андайлар бар, бирок ал жердегилер жумушка мыйзам чегинде гана тартылат. Биз муну жыл бою текшеребиз. Мисалы, кышында эч ким болбойт, жазында болсо жер иштетиш үчүн жалдашат. Мыйзам бузса айып төлөп, мыйзам алдында жооп бериш керек. Ар бир фермер же дыйкан чарбасы жумушка чакыра турган болсо, ал квотага ылайык көзөмөлгө алынат.

- Кыргызстандыктардын Баткен аркылуу коңшу өлкөлөргө ишке жалданып барган учурларын кезиктирдиңизби?

- Эч барбайт. Андайлар жок. Тескерисинче, «иштеп берели» деп Тажикстандан, Өзбекстандан суранып атышат. Биз жактан эч ким барбайт. Себеби аларда жумуш жок.

- Мамат мырза, азыр чек арага жакын аймактарда жалпы жагдай кантип атат? Олуттуу проблемалар жокпу азыр?

- Проблемалар бар, бирок ага көзөмөл жасалып турат. Силер билесиңер, бир айча болду го, биздин кыз-келиндер «тажиктердин бекетин алгыла» деп чыгышпады беле. Кийин аны бардык маалымат каражаттар жазып чыгышпадыбы, «жергиликтүү бийлик колдоп атат» деп. Бул стихиялуу болду, бирок кыздар абдан туура кылышты. Себеби делимитация жүргөнчө Баткен менен Согди облустарындагы туура эмес коюлган бекеттерди алып салуу тууралуу документке Тажикстандын, Кыргызстандын вице-премьерлери Дүйшөмбүдө кол коюшкан. Ошону тажиктер аткарбай жатышкан. Аялдар чыккандан кийин тажиктер эки чакырымга бекетти жылдырып, анан алып салууга аргасыз болушту.
Эми биз тажиктерди деле түшүнөбүз. Себеби, Самаркандектеги эки шахтысын «кыргыздар алып коет» деп, мыйзамды түшүнбөй туруп ушундай кылышты. 1992-жылы мамлекеттердин лидерлери «союздук ишканалар кайсы республикада болсо, ошондо калат, ал эми филиалдар ага баш ийет» деп документке кол коюшкан. Ошондуктан биз эки шахтыны албайбыз. Алар салыгын төлөп, эл аралык макулдашуулар менен иштей беришет. Тажиктер муну түшүнгөндөн кийин бекеттерин алып кетишти.


- Терроризмге, экстремизмге каршы күрөш багытында азыр чектеш аймактарда кандай кызматташтык бар? Проблемаларды чечүүдө иштиктүү кадамдар байкалабы?

- Ал жагынан проблема бар. Себеби, булар өзүнөн-өзү жок болуп кетпейт да. Жашынып алган жерлери бар. Бул багытта тажик, кыргыз, өзбек тараптар ачык-айкын кызматташышыбыз керек. Кыргыздар аракет кылууда. Ага карабай, өзбектер миналарын коюп, эмгиче албай отурбайбы. Анын кесепетинен мына 14 жолу жарылуу болду. Эки кишибиз өлдү. Бир тобу жарадар, бир тобу майып болушту. Биз аларга чыгымдар үчүн 6 млн. сомдук доо койгонбуз, төлөбөй жатышат.

- Мамат мырза, айрым бейөкмөт уюмдардын иликтөөлөрүнө караганда, ички миграция агымы көп аймактардын бири - Баткен облусу экен. Муну чек ара жагдайларына байланышта кароого болобу же башка себептери барбы?

- Себеби Сох деген анклав бар. Ал жерге өзбектер эки бекет коюп алышкан. Биз ошону ала албай жатабыз. Абал бир аз жумшарды, бирок элдин Бишкекке же башка жакка алып барып сата турган буюмдарына, продукцияларына тоскоолдук кылып жатышпайбы. Бишкектен, Карасуудан, Оштон же Жалалабаддан алып келгендерге да тоскоолдук кылышууда. Биз аны толук көзөмөлдөй албай жатабыз. Себеби Сох анклавына киргенде өзбектер өз мыйзамы, жолу менен иштеп жатышпайбы. Бирок биз ар бир мыйзам бузууга карата доомат коюп, тартипке чакырып атабыз.

- «Баткенде акыркы 4 жылда калктын саны көбөйүп кетти» деп атышат. Бул, албетте, социалдык кошумча камкордуктарды талап кылат. Бул маселени кантип чечип атасыздар?

- Ишканалар түзүлүп жатат. Былтыр, быйыл чет өлкөлөрдөн инвесторлор келип, эл аралык уюмдар жардамдашып атышат. Германиянын Техникалык кызматташтык фонду айыл чарбасына 4 млн. евро берди. Европа Биримдиги 3 млн. евро алып келип, «2004-жылдын башынан тартып долбоорлорду ишке ашыра баштайбыз» деп атат. Жапондор таштап кеткен кенди австралиялык фирма иштете баштады. Австралиядан, Орусиядан, Канададан, Америкадан бирден уюмдар алюминийди, баалуу таштарды, мунайды иштетүү боюнча чалгындоо жүргүзүп, «100 млн. долларга чейин каражат бөлөбүз» деп, лицензия алып, расмий иштеп атышат. Кечээ Дүйнөлүк Банктан келип, «4 жылдын ичинде айыл чарбасына 30 млн. сомдук жардам беребиз» деп кетишти. Мындай жардам күндөн-күнгө көбөйүп атат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG