Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:02

АКШ, БРИТАНИЯ, КЫТАЙ, ОРУСИЯ ЖАНА ФРАНЦИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ ЖЕНЕВАДА ЖОЛУГУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчө-мамлекетинин тышкы иштер министрлери 13-сентябрда Женева шарында жолугуп, дүйнө маселелерин талкуулады. Сөз негизинен Ирак боюнча АКШ даярдаган резолюциянын долбоору тууралуу болгону менен, Жакынкы Чыгышта улам курчуп бараткан абалды жөнгө салуу боюнча да пикир алышуу болду.

Жакынкы Чыгыштагы абал 50 жылдан бери чечилбестен, бир нече жолу согуш болуп өткөнүнө карабай, акыркы үч жылда өтө курчуду, анткени палестиндер Израилге каршы "интифада" деп аталган элдик көтөрүлүш баштады. Мурда түзүлгөн келишимдер боюнча, 2000-жылдын 13-сентябрдында Палестина өз алдынча мамлекет болуп жарыяланмак, бирок Израилдин талабы менен жана эл аралык коомчулуктук басымы алдында андай болбой калган.

Негизги себеп - Палестина автономиясынын жетекчилиги террорчулукту токтото албай жатат, бирок арабдарга эгемендүүлүк бербөө - улам жаңы террор жаратууда. Түзүлгөн келишимдерди аткарууга чын дили менен киришкен премьер-министр Ицхак Рабинди жөөт экстремисттери өздөрү өлтүргөн, эми болсо Израил төрага Ясир Арафатты сыртка кууп чыгаруу тууралуу да чечим кабыл алды жана эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабастан, ал чечимди ишке ашыра турганын билдирүүдө.

Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушу Америка Кошмо Штаттарынын тышкы саясатына да урулган сокку, анткени Вашингтон такай жөөттөрдү колдоп келет жана Израил - АКШдан эң көп жардам алган өлкө. Акыркы тынчтык планын аткаруудан төрага Арафатты Вашингтон четтеткен жана 2000-жылы дагы Палестина мамлекети жарыяланаарына бир нече күн калганда, андай кылбоого Арафатты Вашингтон көндүргөн. Батыш Европалык өлкөлөр жана өзгөчө Франция палестиндерге көбүрөөк жан тартат жана Вашингтон менен Париж ортосунда ал тууралуу кээде араздашуулар да чыгат.

Анткен менен, Женева шаарында бул маселе да талкууланганы менен, негизги араздашуу - ошол эле АКШ менен Франция ортосунда Ирак маселеси боюнча орун алды. Үстүбүздөгү жылдын башында Вашингтон Ирак боюнча атайын резолюциянын долбоорун даярдаганда, Париж ага каршы чыккан жана добуш берүү Американын пайдасында болбой турганын түшүнгөндө, АКШ талкуудан чыгып кетип, Иракка каршы согушту өз алдынча баштаган.

Согуш 20 күндө бүткөнү менен, андан бери өткөн беш айдын ичинде АКШ Ирактагы абалды калыбына келтире албай жатат, ошондуктан азыр эл аралык жардамга өтө муктаж. Бирок өлкөдөгү азыркы оккупациялык аскерлер Бириккен Улуттардын бейпилдик күчтөрүнө алмаштырылганы менен, Вашингтондун айтымында, Ирактагы жалпы аскерий жана саясий башкаруучулук АКШда калууга тийиш.

Франция ага деле макул, бирок даярдалган долбоордо Ирактагы иштер боюнча так план жок экендигине каршы. Париждин айтымында, согуштан кийинки иштерге Вашингтон такыр даярданган эмес жана азыр дагы анын алгылыктуу планы жок. 12-сентябрда франциялык "Ле Монд" гезитинде жарыяланган макаласында өлкөнүн тышкы иштер министри Доминик де Вильпен өз планын сунуш кылды. Анын айтымында, Ирактагы бийлик мүмкүн болушунча ылдамыраак ирактыктардын өзүнө берилүүгө тийиш жана бир айдын ичинде ирак өкмөтү түзүлүп, жылдын аягына чейин жаңы конституция жазылып, келерки жазда өлкөдө шайлоо өткөрүш керек.

АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бул планды таптакыр реалдуу эмес деп атады, анын айтымында, АКШ бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүгө өтө кызыкдар, бирок өлкөдө андай ишти алып кете ала турган азыр саясатчы дагы, уюм да жок.

Америкалык аскерлерге азыр Иракта күн сайын 15-чакты кол салуу болууда. 12-сентябрда болсо алар Ирак коопсуздук күчтөрүнүн 10 аскерин өздөрү кокусунан атып өлтүрүп алды. АКШда өткөрүлгөн акыркы сурамжылоонун жума күнү жарыяланган жыйынтыгына караганда, август айы менен салыштырганда, президент Жорж Буштун рейтинги 7 пайызга төмөндөп, 52 пайызга жетти, суралгандардын 59 пайызы - Ирактагы иштер боюнча Вашингтондун жакшылыктуу планы жок сыяктуу деп жооп берген.

XS
SM
MD
LG